"Тамашоунун" Жазгы фестивалынын 1-күнкү оюндары аяктады

5-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” жазгы фестивалынын 1-күнкү оюндары болуп өттү. Анда толук форматта ойногон “Элестет”, “Вукинги”, “Боорсоктор”, “Тамадалар”, “Бишкек”, “Кыргыз двор”, “Позитифф”, “5+”, “Олимпик”, "Нур", "AV 81", "Online", "Талас" командалары “Мыкты команда”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты тамаша” наамдары үчүн ат салышышты. Ал эми кыска форматта оюн көрсөткөн "Малышка Би", "Ёлки палки", "БШК", "Автодор" жана "Step up" командаларынын сахнадагы тушоосу кесилди. Фестивалдын жүрүшүндөгү өзгөчөлүк “Олимпиа” командасы менен “Моника Беллуччи” командасы бирге оюн көрсөтүп, белгилүү спортчулар сахнага чыгып, ырчы Добрдун ырынын коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашканы болду. Ал эми “Вукинги”, “Позитифф” командалары дагы биргеликте оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында “Мыкты команда” наамын “Тамадалар” илип кетсе, “Мыкты тамаша” деп “Олимпиа" менен "Моника Беллуччи” командасынын милиция кызматкерлери тууралуу тамашасы аталды, ал эми “Мыкты оюнчу” наамына “Тамадалар” тобунун оюнчусу Азамат Исмаилов ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан