Өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында аймактардан пилоттук шаарлар тандалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн жыйынында экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, пилоттук шаарлардын катарына Чүй облусунда Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарлары, Ысык-Көл облусунда Каракол, Балыкчы шаарлары, Нарын облусунда Нарын, Кочкор шаарлары, Талас облусунда Талас шаары, Ош облусунда Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Баткен облусунда Баткен, Исфана, Кадамжай шаарлары, Жалал-Абад облусунда Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Кербен, Кочкор-Ата шаарлары кирди.
"Тандалып алынган шаарлардын максаты - өзүнүн аймагында зарыл болгон социалдык, экономикалык, коммуникациялык жана логистикалык инфратүзүмдөрдү тез түзүү болуп эсептелет", - деди ал.
Учурда жыйында 2017-2020-жылдарга карата Кыргыз мамлекетинин аймактык саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө Данияр Иманалиев баяндама жасап жатат.