Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер 1-июндан тарта жумушка чыга алышпайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан.
"Орусияда бул багытта мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, ошондуктан тийиштүү органдар айдоочулук күбөлүк менен ишкердик кылган кыргыз айдоочуларынан Орусиянын айдоочулук күбөлүктөрүн талап кылып жатышат. Орусиянын "Жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу" федералдык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөнүн жана эл аралык айдоочулук күбөлүктүн негизинде жүргүзүлгөн ишкердикке тыюу салынат", - деп билдиришти элчиликтен.
Элчиликтин маалыматында мыйзамдагы өзгөртүүлөр 1-июндан тарта киргизилери жазылса, орусиялык "Известия" басылмасы 1-июлдан баштап кирерин билдирген.
Өзгөртүүлөрдө унааны жеке өзү үчүн айдагандарга тиешеси жок экени белгиленет. Ошондой эле чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен ишкердик кылгандарга 50 миң рубль өлчөмүндө айып салынары маалым болду.