Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун Ош шаарында кармалган тарапташтарына айып салынды. Маалыматты 26-мартта SUPER.KG порталына Жапаровдун түштүк калаадагы колдоочуларынын бири Нурбек Жумабаев тастыктады. Ош шаардык сотунун чечиминен кийин кармалгандар бошотулган. Канча суммада айып салынганы айтылган жок.
Ош шаарында 25-мартта 6 жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ош ОИИББинин билдиришинче, кармалгандар өздөрүн Жапаровдун тарапташы катары тааныштырып, сейил бакта шаар тургундарын митингге үндөп жүрүшкөн.
Бишкекте 25-мартта мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылган. Бир тобун милиция кызматкерлери кармап кетишкен, арасында Жапаровдун эки баласы, агасы жана иниси да бар.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээ Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.