Өзгөндөгү адам өмүрүн алган жер көчкү боюнча президентке маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-мартта өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кубатбек Боронов 4 үйдү басып калган жана бир үй-бүлөнүн курман болушуна алып келген жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндап берди.

Министрдин айтымында, азыркы кезде куткаруучулардын күчү менен жашоого коркунучтуу аймактардын тургундары коопсуз райондорго көчүрүлдү, ал эми тоо породаларынын жылышы дагы эле уланып жаткандыктан издөө, куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Министр ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө түзүлгөн оор кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жана жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да Мамлекет башчысына маалымат берди.

Президент өзгөчө кырдаалдар ведомствосуна жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. "Калк арасында түшүндүрүү-маалымдоо иштерин күчөтүү менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн ал кырсыктарды болтурбоо боюнча чаралардын комплексин өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылышы зарыл", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2017-03-27 12:33:18
Кичине шашылып президентке эртэрак маалымат берип коюпсунар.Дагын уч торт кун куто турбапсынар.
+4
panda7
2017-03-27 12:39:49
KGstan1981,кайфын сындырбай э
+2
almazbei
2017-03-27 15:28:19
Кабар бериптир имиш , анан ?
+2
Kyrgyz-aiym
2017-03-27 21:25:29
Ага баарибир ою башка жакта болуп турганда бекер эле отчёт берипсинер да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан