Бир нече мүнөттөрдөн кийин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз футболчулары менен Макао футболдук командасынын Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында беттешүүсү башталат.
Учурда стадиондун тегереги футбол сүйүүчүлөрүнө гана эмес, тартип сакчыларына толуп турган кез. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, тартип сактоого жана коопсуздукту камсыздоого 2600 милиция кызматкери тартылган.
Беттешти көрүүгө келгендердин саны мүнөт сайын көбөйүүдө. Аларды аскер курсанттары, милиция кызматкерлери дыкаттык менен текшерип, четинен киргизип жатышат. Мындан сырткары суу чачуучу унаа да даярдалган.
Оюнга билеттер 200-300 сомдон сатылууда.
Белгилей кетсек, бүгүнкү оюнда Антон Землянухин негизги курамда эмес.