Кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында өз тайпасында 3-орунду камсыздап, 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Азия футбол конфедерациясынын системине ылайык, анда 24 команда 12 жолдомо үчүн күч сынашат. Кыргыз өлкөсү чүчү кулактын жыйынтыгында “А” тайпасында Индия, Мьянма жана Макао менен атаандаш болгон.
3 упай алуу үчүн ыңгайлуу атаандаш
28-март күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо тайпадагы 1-турдук оюндун алкагында үй ээси Макаону кабыл алды. Көпчүлүк күйөрмандар алгачкы оюндагы атаандаш Макао футболчуларын 3 упай алуу үчүн ыңгайлуу команда деп жатышты. Себеби ФИФАнын рейтинги боюнча Макао 184-орунда гана жазылган. Тайпалык оюндарда биринчи оюнду жеңиш менен баштоо маанилүү. Себеби бул, биринчиден, футболчуларга ишеним берет жана калган командалар үчүн кооптонууну жаратат. Александр Крестинин бул оюндун негизги курамына төмөнкү оюнчуларды чыгарды:
Дарбазада: Павел Матяш
Коргоочулар: Азамат Байматов (с), Дэниэл Тего, Валерий Кичин, Виктор Майер
Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Ислам Шамшиев, Эдгар Бернхардт, Мирлан Мурзаев, Ахлидин Исраилов
Чабуулчу: Виталий Люкс
Капитандыкты Азамат Байматов колго алды.
Жаздын кеч келиши футболго да таасирин тийгизди
Жаздын кеч келиши футболго таасирин бербей койгон жок. Өлкөбүздүн негизги стадиону футболго даяр эместиги оюндун алгачкы мүнөтүнөн тарта билинди. Талаанын кээ бир жерлеринде чөптөр али чыга электиги топтун жүрүшүнө таасирин тийгизип жатты.
Албетте, мындай учурда талаага көнүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат. “Ак шумкар” футболчулары 1-таймдын ортосуна чейин кооптуу абал жарата албай коюшу да ушундан болду. Бул убакытта Макао футболчулары кези келгенде контр чабуулга өтүшүп, Павел Матяштын дарбазасына сокку узатуудан уялышкан жок.
19-катар санындагы чабуулчу Виталий Люкс канчалык аракет кылбасын дарбазачы Хо Ман Фай мыкты болуп жатты. Биринчи таймда эсеп ачылган жок.
“Байматов Серхио Рамостон кем калышпайт...”
Экинчи бөлүктө күйөрмандардын колдоосу менен кыргыз футболчуларынын чабуулдары күчөдү.
Мирлан Мурзаев, Эдгар Бернхардт бир катар кооптуу абалдарды жаратканы менен таамай болушкан жок.
Бул мүнөттөрдө голдун даамы сезилип баштады.
70-мүнөттө “Ак шумкар” оң капталдан айып соккуга ээ болушту. Дээрлик 40 метрлик стандарттык абалды Ахлидин Исраилов айып аянтчасына көтөрүп берди. Ушуну эле күтүп турган Азамат Байматов башы менен сокку узатты. Го-оо-ол!
Стадион бир толкуду. Күйөрмандардын “биздин Байматов Серхио Рамостон кем калышпайт” деген сөздөрү угулуп жатты...Оюндун мыкты футболчусу дал ушул футболчу аталды.
“А” тайпасында Индия менен Кыргыз өлкөсү алга озду
Биздин тайпада Бишкектеги оюн менен катар Мьянма өз үйүндө Индияны кабыл алды. Оюндун дээрлик негизги мүнөтүндө тең чыгуу катталып, кошумча берилген убакытта гана индус футболчулары айырмаланышты. Жыйынтыгында Индия 3 упайга ээ болушту. “А” тайпасында Кыргыз футболчулары менен катар Индия алга озсо, Макао менен Мьянма упайга ээ эмес. 2-турдук оюндар 13-июнда өтөт. Анда кыргыз футболчулары конокто Индия менен ойносо, Макао Мьянманы кабыл алат.
Белгилей кетсек, тайпадан 1-2-орун алган командалар Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.