УКМК: "Ата Мекендин" айрым мүчөлөрүнүн мародёрчулукка катыштыгы бар экенине далилдер табылды"

"Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан айрым депутаттарынын жана кармалган Райкан Төлөгөновдун туугандарынын билдирүүлөрү - жоопкерчиликтен качуу үчүн мародёрчулук боюнча кылмыш ишиндеги факттарды саясатташтырууга аракеттенүү", - деп УКМКнын басма сөз кызматы жоопту таратты.

Маалым болгондой, 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүүдө. "Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган партиянын айрым мүчөлөрүнүн мародёрчулукка катыштыгы бар экенине далилдер табылды", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК 28-мартта Райкан Төлөгөновго "тоноону уюштуруу", "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштуруу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Төлөгөнов тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Бүгүн, 29-мартта мародёрчулукка шектелип кармалган Райкан Төлөгөновдун иши боюнча маалымат жыйыны өткөн. Анда Төлөгөновдун уулу Иса "УКМКнын кызматкерлери атамды шантаж кылышты" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
nurbekasr
2017-03-29 18:46:04
Кийинки жылдан баштап азыркы байлык мансапка манчыркап көөп, атасын тааныбай жаткандардын кезеги келет буюрса.Негизи жашоо айланкөчөк бумеранг,эртен эле мурдунун чимкириктерин тарталбай калышат көрөсүңөр.
+8
Bubu88
2017-03-29 18:51:01
Убагында аркы алдын карабай жешкен эми куссун ошо жегендерин
+3
Tailgate
2017-03-29 19:03:53
Туалетиме отуруп кеткен деп камай бергиле мародер деп изилдеп отурасынарбы приказ бар аткарылбаса баш кетет
+8
Bubu88
2017-03-29 19:08:40
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат
-3
legion-arbat
2017-03-29 19:36:52
Мурда эле соттош керек болчу.Омукени кошо туп орду менен жоготсо экен.
-3
kyrgyz.kg83
2017-03-29 19:46:45
Ошондо бир партия толугу менен мародёро екенда,сдпкдан бирода жок екен ким ишенет ушуга
+9
bond02
2017-03-29 19:52:01
Жебеген жердин астында дейт, азыр КРда чындап чукуласан бешиктеги баладан да чыгат.
-3
kg.nurik
2017-03-29 20:05:19
Мадумаров дагы камалсын баткенде кыргызстандын жерин тажиктерге берген!!! Бекназаров, Сариев, Артыков Анвар!!
+1
Nooruzmairam
2017-03-29 20:40:16
Деги тынчтык эле болсунчу.Баарыбызга бир гана АЛЛАХ кубо
+6
Jarookerjan
2017-03-29 21:27:28
Бир эле "Ата Мекен"партиясындагылар эле бар бекен мародёрчулукта башка партиядагылар таптаза суттон ак бекен?Белизгейт операциясындагыдай жалганынар чыкпаса эле болду.УКМК ишеничтен деле чыктынар.
+5
anyshka
2017-03-30 13:41:54
Jarookerjan, тиги аташкама кетеерде эмне болду. Уктап уктап эми ойгондубу. Мурда кучакташып чогуле журушчу эмес беле. Тамакиге акча сурашчу дедиго. Чыныгы эркек биро тамеки сураганын анча мынча жардам бергенин мелочь деп ойлойт менин тушунугумдо
0
taku1414
2017-03-29 22:49:25
Сегизбаев Атамбаевдин тапшырмасын так аткарып атат.
+2
Bubu88
2017-03-29 23:27:50
Мадумаров кайсы кылган күнөөсү үчүн камалат экен айтчы мага
-3
Ronaldo.99
2017-03-30 00:54:13
УКМКны СДПК деп озгортуп эле коё турган болду
+3
shamalchanin
2017-03-30 09:10:24
СДПК ушунчалык таза болсо Тайырбек Сарпашев Бакиевдердин жерин сатып салдыле ошону деле камабайсынарбы. жашоо кайда бараатат. мындай кетиште жакында онукпойбуз туугандар.
+1
shamalchanin
2017-03-30 09:15:10
укмк болсо ишеничтен чыкты. мамлекеттин коопсуздугун эмес сдпк нын коопсуздугун карап атат. бул мандат ,иш орундарынарды силерге кудайым байлап берген эмес. адамдык сапатты жоготпош керек эн башкысы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан