ЭЛДИК ВИДЕО: Орусиялык "Биринчи каналдын" журналисттеринин калпы чыктыбы?

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө ""Жди меня" телеберүүсүндөгү окуянын экинчи тарабы" аталышындагы видео жүктөлдү (Жүктөгөн: Brutality).

Бир нече күн мурун орусиялык "Жди меня" телеберүүсүндө Сергей Черненький аттуу Орусиянын жараны Талас облусундагы Орто-Арык айылында кулчулукта 16 жыл жашаганы айтылган. Ошондой эле телеберүүнүн журналисттери Кыргыз өлкөсүнө чейин келип, Сергей Черненький менен байланышып, аны түн ичинде айылдын четинен күтүп алышканы көрсөтүлгөн. Каарман аны кулчулукта кармап, мал бактырганын айткан.

Ал эми бул видеодо журналисттер окуянын экинчи тарабын ачышкан. "Биринчи каналдын" аталган телеберүүсүнүн журналисттери Талас районуна барышпаганын ачыкташса, Орто-Арык айылынын тургундары Сергей Черненький кулчулукта кармалбаганын айтышкан. Ал эми анын "ээси" катары көрсөтүлгөн Соорбек Мамбеталиев анын туугандары менен бир нече жолу байланышканга аракет кылып, жубайын таптырганын, бирок анын жубайы күйөөсүнөн баш тартканын айтат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш иликтенип жатат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ymm
2017-03-30 19:23:20
Журналисттин туру бир шумдук неме экен!
Тиги кул дегени саткан уйдун акчасынын баарын ичип алган окшойт, жаманатты кылып жардам бергендерди.
+6
evra_kg
2017-03-30 19:59:16
ютуптан издесенер чыгат таласка барып оздору алып кетишкен жалганы чыкпай эле
кыргызстанда андай адамдар копу десе оа деген шумшук
-4
Zanzibara
2017-03-30 20:25:18
Сөздөрдү айтылышы боюнча эле жазып башташкан го??? ээээ эмне болуп бара жатат кайран кыргыз тил!!!!!
+5
ukmuw-ukmuw
2017-03-30 20:29:45
Бул теманы пусть говорятка которуш керек!
+7
maratbek88.88
2017-03-30 20:34:56
кулчулукада журбой эле ошол жакта биронун мал келин багып же тала жумушуна каралашып курсак багып жургон немего.Курсак тойсо болду дегендерденда и анан бомжкада окшойт экен.Ушуга окшогондор копко Кыргызстанда чабан кылып алат анан курсагын тойгусуп устуно кийимин кийгизип бакса болду ке бир адамдарга
+6
jamilya03
2017-03-30 21:12:16
Боор оорусан боорго тебилесин деп ушуну айтат.
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-30 22:00:40
Койгулачы ай ушундай заманда кул болбойт эчким билбейм таптакыр чыгалбас кылып мылтык такап башына кул кылбаса ишениш кыйын
+1
Aselya_9105
2017-03-31 00:20:28
Биздин Кыргызстанда да кул жалдаган эл барбы? Мен бул окуяны интернеттен көрүп жанагы кул болдум деген кишиге өллө жиним келген. Жутубдагы видеонун астындагы комменттерде кыргыздарга наалат айткан элдер көбөйүп кетиптир эле. Боор ооруса боорго тебет кылган ушул орус.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан