14:00. "Ала-Тоо" аянтындагы концерт аяктады.
13:50. Шаар тургуну Ыдырыс Абдылдаев SUPER.KG порталына кантип 7-Апрель окуясынын катышуучусу болуп калганын айтып берди. "Бийликке нааразы болгон адамдар бири-биринен маалымат алып, чогула башташкан. Биз Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде турганбыз. Ал жакка балдар келишкен. Андан кийин аянтка барганда эл көбөйүп, милицияны кубалап, таш менен уруп баштаган. Жанымда жүргөн 2 жаш бала каза болгон. Ошолорду дайыма эстеп жүрөм".
13:46. Ырчы Саламат Садыкова бүгүнкү концертте ырдаган "Калайык калкка кайрылуу" аттуу ыры 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуясынан кийин жаралганын айтты. Ал бул ыр Апрель окуясында каза болгон балдардын энелерине арналганын, кыргыз элине кайрат тилеп, сабырдуулукка жана ынтымакка чакыра турганын билдирди.
13:41. Кыргыз ырчылары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, Гүлзада Рыскулова, Саламат Садыкова, Иса Өмүркулов жана башкалар патриоттук ырларын аткарышты.
13:28. Алай районунан Бишкекке келген Райыма Абдрахманова: "Майрамың менен, кыргыз элим. 2010-жылы 7-апрелде каза болгон эр жигиттердин баарынын салымдары зор. Өлкөбүздө эр азаматтар туулсун. Элибиз тынч болсун. Бүгүнкү майрам жакты. Күн тийип, жакшы маанай тартуулап жатат".
13:16. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 7-Апрель окуясын чагылдырган театралдаштырылган иш-чараны көрүп жатып көзүнө жаш алды.
13:00. "Ала-Тоо" аянтында театралдаштырылган иш-чара башталды. Анда 2010-жылдын 7-апрелдеги окуялары чагылдырылууда.
12:55. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов: "Кыргыз мамлекети 7-Апрелди майрам катары биринчи жолу майрамдап жатат. Мындан кийин да бул күн ар дайым майрам катары майрамдаларына ишенебиз".
12:50. "Ала-Тоо" аянтындагы концерттик программанын көркөм жетекчиси Султан Раев: "Концерт саат төрткө чейин уланат. 300дөй маданият кызматкеринин катышуусунда концерт болот. Театралдык көргөзмөнүн сценарийи 7-Апрелдин башкы каармандары болгон карапайым калктын эрдигин чагылдырууга арналган".
12:30. Аянтка желек кармаган 500гө жакын жаран жөө жүрүш менен кирди.
12:15. Өкмөт өкүлдөрү, шаар жетекчилиги келишип, гүлчамбар коюшту.
12:00. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламент депутаттары борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке келип, куран окутуп, маркумдардын жаркын элесине арнап гүл коюшту.
Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 2010-жылдагы 7-Апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилүүдө.
Айта кетсек, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында театралдаштырылган иш-чара болот. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышат. Соңунда концерт болуп, ал салют атуу менен аяктамакчы.