Мындан 78 жыл мурун, 1939-жылы 12-апрелде кыргыз опера музыкасынын сыймыгы саналган "Айчүрөк" операсынын бет ачары өткөн. "Айчүрөк" операсы - кыргыздын тунгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун "Манас" үчилтигинин "Семетей" бөлүмүндөгү "Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү" аттуу эпизоддун негизинде Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков; музыкасын Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев, Владимир Фере жазган. Алгач опера Кыргыз мамлекеттик музыкалык театрында коюлуп, дирижёру Василий Целиковский, сүрөтчүсү Яков Штоффер, балетмейстри Николай Холфин, режиссёру Владимир Васильев менен Аманкул Куттубаев болушкан.