Японияда 2 манго жемиши аукциондо рекорддук суммага - 3 миӊ 700 долларга (253 миӊ сомдой) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 13-апрелде жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда аукцион аталган өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Миядзаки шаарында болуп өткөн. Уникалдуу жергиликтүү сорттогу жемиш ачык кызыл түстө болуп, курамында шекер көп, тагыраагы, 15 пайыздан ашык болгон. Ал эми салмагы 350 граммдан ашат.
1 килограммга жакын 2 даана жемишти Фукуока шаарындагы дүкөндөрдүн биринин кожоюну сатып алган. Ал соода жайын жарнамалоо үчүн сатылып алынган жемиштерди витринага коёрун билдирген.
Белгилей кетсек, Японияда 2016-жылдын алгачкы түшүмү болгон юбари сортундагы эки даана коон Хоккайдо аралындагы аукциондо 3 миллион иенага (27 200 доллар) рекорддук суммага сатылган.