SUPER.KG порталында быйылкы жылдын 19-ноябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаӊы айлампасы старт алды.
Өткөн 2 аптанын жыйынтыгына көз жүгүртсөк, "Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн" деп билдирген Чубак Жалилов кайрадан биринчи орунга чыкты. Камакка алынып, саясий тагдыры бүдөмүк болуп турган Садыр Жапаровду колдоону ниет кылгандар да көптүгү көрүнүп турат. Ал тизмеде экинчи орунга чыкты. Адахан Мадумаров үчүнчүдө келе жатса, Өмүрбек Бабанов бир тепкичке алдыга жылып, Сапар Исаковду артка таштады. Президенттик жарышка аттанган Бабановдун пиар кампаниясы менен аны сындоолор бирдейинен башталды. “Республика-Ата Журттун” лидери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан ири суммада жеңилдетилген кредит алгандыгы белгилүү болуп, аны көздөй сындар жаап жатат. Ал рейтингин ушундай деңгээлде кармап тура алабы, жокпу, жогорудагы сындар канчалык деңгээлде таасир этет, кийинки айлампанын жыйынтыгынан байкалат.
Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков дагы ишенимдүү түрдө алдынкы бештикте келе жатат. Учурда ал калкты тейлөөнү жаңы деңгээлге алып чыгууну максат кылып “Таза коом” аталышындагы ири долбоордун үстүнөн иштеп жаткан кези. Амбициялуу мындай пландар президенттик аппараттын башчысынын рейтингин өстүрөбү, келерки айлампаларда билинет. Кезектеги айлампада Турсунбек Акун 1 пайызга жетпеген добуш топтоду. Ал президенттик шайлоого талапкер катары катышарын расмий жарыялагандыгына байланыштуу тизмеде калат.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 1-майда, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.