Димаш Кудайбергенов Кытайда болуп өткөн "I am a Singer" музыкалык сынагынын финалында экинчи орунду алды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кечээ, 16-апрелде жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, биринчи орунду гонконгдук ырчы Санди Лэм (Sandy Lam) алган. Казак ырчысы финалда кытайлык ырчы кыз Шан Венже менен дуэт аткарган. Анда алар поп-музыканын падышасы аталган Майкл Жексондун төрт чыгармасын: "The Way You Make Me Feel", "Dangerous", "Billie Jean", "Earth song" бир композиция менен аткарышкан.
Белгилей кетсек, аталган өлкөдө Димаш Кудайбергенов "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчы", "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" аталган.