Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен Лексустун айдоочусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы тапта айдоочуну кармоо иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, 18-апрель күнү саат 08:30 чамасында Бишкектеги Гагарин көчөсүндө белгисиз айдоочу Лексус-300 үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу 4-ооруканага жеткирилген.