18-апрелде Базар-Коргондун аймактык ооруканасына 22 адам кыз узатуу тоюнда салатка ууланып түшкөн. Ал эми бүгүн, 19-апрелде алардын саны 33кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
"Жалал-Абад облусу боюнча координатор Маматжан Мияновдун маалыматына ылайык, стационардык дарыланууда жалпы 33 бейтап бар. Экөөсүнөн бөлөгүнүн оорусу жеңил өтүп жатат. Эки бейтаптын абалдары орто-оор. Жер-жерлерде тамак-ашка уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда уулангандардын абалын байкоо улантылууда", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Бардык бейтаптар дары-дармектер менен камсыздалышканы маалым болду.