Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кыргыз өлкөсүнөн изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Алматы шаарынын ички иштер департаментинин маалыматына караганда, 1952-жылы туулган Турганбек Абетбеков аттуу Казакстандын жараны изделүүдө. Ал адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Ыкчам маалыматтар боюнча, шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-март күнү кылмышты кылган соң Кыргыз Республикасынын аймагына өтүп кеткен.
Эгерде сүрөттөгү адамды көргөндөр болсо, (0312) 26-62-61, 26-63-07 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.