Өткөн жумада Бишкек шаарына келген Минск шаарынын жашоочусу, психолог Лилия Ахремчик кыргыздын аялдары жана эркектери кандай экенине байкоо жүргүзгөн. Анын социалдык баракчасы аркылуу жазган пикирин назарыӊыздарга сунуштайбыз:
"Бул нерсе субъективдүү (жеке бир кишиге таандык) жана абдан жалпылап айтыларын эскертем.
Кыргыз аялдары сулуу болушат. Азиаттарга мүнөздүү анча узун эмес бою, тунук жүзү болгондуктан алар жаш кезинде фарфор куурчактарына окшош. Жылмайып, өздөрүнө карап жүрүшөт. Элестетип көрөйүн, бул нерсе алар "өздөрүн сатканга чейин", тагыраагы күйөө тапканга чейин болот. Анан баары дароо өзгөрөт, кыз болсо, эжеге айланат. Өткөөл учур деген иш жүзүндө болбойт. Европалык аялдар көбүнчө аял болуу жана кандай курак болбосун өздөрүн активдүү алып жүрүп, ынтызар, өнүккөн аял боло алышат.
Кыргыз аялынын балдары бар экени дароо байкалат. Ал тымызын үй-бүлөнүн башчысы болуп калат. Бул нерсени анын басканынан, айланада өзүн кандай алып жүргөнүнөн билсе болот. Залга эне жана кожойке киргени дароо сезилет.
Кыргыз аялдарында пассивдүү агрессия көп. Көбүнчө - жүзүндө жылмаюу, ал эми жан дүйнөсүндө тынчсыздануу, нервинин чыӊалып турганы байкалат.
Кээде эч кандай жасалма жок: ичинде да, сыртында да ачуусу толуп турган болот. Мен өзүмдү жарылуучу заттар коюлган талаада жүргөндөй сездим. Байкабай бирөөгө тийип алсаӊ, ал кишинин ичиндеги бомба жарылып кетет. Мага ошондой сезилип жатабы деп да ойлодум. Минск шаарына келип, бизде андай жок экенин түшүндүм.
Жергиликтүү аялдар эркектен жолу болбой калган. Мени жазалагыла, бирок Бишкекте келишимдүү эркектерди көргөн жокмун (бирөөсүн эсепке албаганда). Ар бир кадам сайын сулуу кыздар, а келишимдүү эркектер жок. Бир нече жолу абдан сулуу кыздын өзү менен теӊ жигит менен колтукташып бара жатканын байкадым. Кыскасын айтканда, кызды аяп кеттим.
Макул, эркектин сулуулугу маанилүү эмес. Бирок башка жагы да бар. Кыргыздын эркектери жалкоо келишет жана абдан жакшы жайгашып алышкан (мыкты эркектер, жакшы үй-бүлөлөр бар экенине ишенем. Мен көпчүлүк жөнүндө жалпылап айтып жатам). Алар Исламды өздөрүнө ыӊгайлаштырып, аялдарынын моюнуна минип алышкан. Бирок ошол эле учурда аялдарды экинчи сорттогулар деп эсептешет.
Эгерде Исламда аял үчүн, анын камкордугу, билими жана башкасы, негизи эле жалпы үй-бүлөсү үчүн эркек жоопкерчиликти өз милдетине алса, кыргыз эркеги өзү эч нерсе таппаса деле, аялын уруп, кемсинтиши мүмкүн. Жыйынтыгында, аял иштейт, тиричиликтин, балдардын түйшүгүн жалгыз тартат, үйдүн бардык жумуштарын аткарат. Аны менен катар аялын сыйлабаган күйөөсүн да камсыздап, аны тейлейт. Үй-бүлөдөгү жакындык жөнүндө кыялдануу гана мүмкүн.
Ажырашканга болбойт, себеби аялды туугандары менен айланасындагылар сөз кылышат. Ал деген күйөө да. Канчалык аял күйөөсү менен жаман жашабасын, күйөө бирөө гана болушу мүмкүн. Ошон үчүн да мүмкүн жашыруун агрессия, эрте келген карылык бар.
Аялдар өздөрү каалагандай жашай алышпайт. Себеби аларды айлана-чөйрөсүндөгү, үй-бүлөсүндөгү калыптанып калган сценарий, түшүнүктөр кармап турат. "Жаман болуп жатсаң дагы чыдашың керек". Кайгырганың баарына жагат, бактылуу болсоң дагы кепке каласың. Эгерде аял өзүн сүйүп, баалап баштаса, башкалар аны өз ордуна коюп коёт.
Бирок мага келип жүргөн аялдар өнүккөн, сулуу, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы чекте болчу. Ага карабастан аларды мурда калыптанып калган көз караштар төмөндү көздөй тартат. Өздөрү болсо Батыштын баалуулуктарына тартылышат. Өзүн сүйүп, өз жашоосу менен жашап, өнүгүп, өзү каалаган адамды жубайлыкка тандоо сыяктуу... Алар жакшы кызмат орундарын ээлешип, жетиштүү акча табышат. Спорт, фитнес, йога менен машыгып, чет тилдер курсуна, бийге барып, психологияга кызыгат. Заманбап психологдордун эмгектерин окушат жана андан көп нерсе үйрөнүп, иш жүзүнө ашыргысы келет. Китептер аркылуу жашоодогу нааразычылыктарынын себептерин издейт. Жалпысынан менин чет элдик аял тууралуу оюм ушундай.
Мен консультацияларда аларга өтө кылдат мамиле кылууга аракеттендим, алдын ала аларга Кыргыз мамлекетинен эмес экенимди, тиги же бул түшүнүк боюнча кандай кылышы керек, аял өзү чечим чыгарышы керек экендигин айтып жаттым".