СУПЕРСТАН: "Кристина Агилеранын "Hurt" деген ырын уккан сайын жүрөгүм эзилип, ыйлагым келет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайсы ырды укканда, кайсы күндү эстейсиң?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ар бир ырдын өзүнүн эстей турган жери бар эмеспи. Мен 2000-жылы Бишкекке иштегенге жаңы келип, аябай кыйналып жүргөн кезим. Берекет базарында иштечүмүн. Рефлекс тобунун "Сойти с ума" деген ыры эч эсимден кетпейт, радио түйүндөн тынбай берет эле".

"Мирбек Атабековдун "Сени сүйөм" деген ырын укканда бир жыл мурунку бактылуу кезим эске түшүп ичиркенип, дирт этип кетем. Ал эми Ильяздын "Азап" деген ыры "кара" күндөрүмдү эске салат".

"Женифер Лопестин бир ырын уккан сайын үшүп, жөө баскан күнүм, досума жинденгеним эске келет. Анда студентпиз, досум менен бир отурушка барып, таң атканча болмокпуз, бирок түн ичинде тиги досум "кантип кетебиз, акча жок" дегениме болбой, мас болуп "кетем" деп туруп алды. Ошентип экөөбүз Москва-Правда көчөлөрүнөн баштап, шлагбаумга чейин жөө басканбыз. Мас досум улам ошол Женифердин ырын кыйкырып ырдап коёт, кыязы, кечеде бийлеп жатканда мээсине "запись" болуп калса керек. Тоңуп калгам, кыш болчу, саат таңкы төрт дегенде үйгө жеткенбиз".

"Селин Диондун "My heart will go on" ырын укканда алгачкы жолу өбүшкөнүм эсиме түшөт".

"Кристина Агилеранын "Hurt" деген ырын уккан сайын жүрөгүм эзилип, ыйлагым келет. Ар дайым атамды эсиме салат".

"Руки Вверхтин "Студент" жана "Крошка моясын" жана Анжелика Варумдун "Зимняя вишнясын" укканда 7-класстагы дискотекада жер тепкилегеним эске түшөт. Титаниктин саундтрегин укканда видео салонго ошол кинону көрөм деп кезекте турганым эсиме түшөт. Анда азыркыдай кинотеатрлар жок эмес беле".

"А мен Урмат Усеновдун "Махабат кайырчысын" укканда жүрөгүм жарылып кетчүдөй сезилет. Эмнегедир Урмат клибин да билгендей тартыптыр. Бул ыр жаңыдан чыгып баштаган кези эле, төрт жыл сүйлөшүп жүргөн кызымды мен Москвадан келгенче ала качып кетишиптир. Клиптегидей кызымдын күйөөсүн өз колум менен өлтүргүм келди, бирок анте албадым..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainur78007
2017-04-21 14:34:11
Хе-хе...2011-жылы ушул болумго коментарий калтырган экенмин.....окуп алып аябай кулдум,андан бери 6 жыл отуптур,6 жылда кандай гана озгоруулор болбоду жашоомдо.Бут нерсе корсо убактысы менен болот турбайбы)))
+2
Aiturgan.95
2017-04-22 00:49:39
Чын эле ар бир ырдын озунчо эстей турган тарыхы бар. А мен коптон бери роза шакированын уйлонуу той деген ырын угуп журом.. негедир мага ырдалгандай....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан