Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo
реклама

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КИМГЕ ДОБУШ БЕРЕСИЗ?

(14-28-август, 2017-ж.)

Жыйынтык

Добуш берүү үчүн телефон номериңизди жазып жөнөтүңүз. Сизге алты сандан турган СМС-код келет. Добуш берүү акысыз.
СМС аркылуу келген кодду төмөнкү формага жазып добуш бере аласыз:
Код:

 

Өкмөт: "Боинг кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ӨКМнын атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү принцибин жактырышты"

 

Боинг кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ӨКМнын атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү принцибин жактырышты. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссия Боинг кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен болгон жолугушууда белгилүү болду. Бул тууралуу 21-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каражатты бөлүштүрүү принциби каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен биргеликте иштелип чыккан. Мухамметкалый Абулгазиев ӨКМнын атайын эсебине калк тарабынан 100 миллион 499 миң 300 сом түшкөнүн эскертти.

"Финансылык каражат каза болгондор менен жабыркагандардын туугандарына жана моралдык, материалдык чыгымга учураган жарандарга бөлүштүрүлөт. Акча каражаттарынын белгилүү бир бөлүгү чоңойгондо өз керегине колдонуусу үчүн, ата-энесинен кароосуз калган эки баланын эсебине түшөт.

Атасынан же энесинен ажыраган алты балага да төлөмдөр каралган. 35 каза болгон жарандын туугандарына жана денесинен ар кандай жаракат алган 18 жаранга да өзүнчө акчалай каражат берилет. Психологиялык сокку алган 27 жаранга да финансылык жардамдар көрсөтүлөт.

Мындан сырткары турак жайы толук жараксыз калган үй ээлерине жана кийинки жашоого мүмкүн болбогон үйлөрдүн (17 үй) ээлерине да жардам берилет.

Өкмөттүк комиссиянын жабыркагандар менен бирге чечиминин негизинде кырсык болгон айылга жардам катары 5 миллион сом бөлүнөт. Мындан сырткары айылдын инфраструктурасын жакшыртууга Сокулук районунун айыл өкмөтүнүн эсебине да каражат которулат.

Белгилей кетүү керек, жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулат. Каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ачык иш алып баргандыгы үчүн Өкмөттүк комиссияга ыраазычылыгын айтышты", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев түркиялык "ACT Airlines" компаниясы каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына тиешелүү компенсацияларды төлөп берүү максатында алардын документтеринин ырасталышын күтүп жатат.

Белгилүү болгондой, каза болгон жана жабыркагандардын туугандары, учак таандык болгон "ACT Airlines" компаниясынан компенсация алуу үчүн документтерин ырасташууда. Каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен айыл өкмөттүн жетекчилери, юристтер, мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

 
 
 Тектеш кабарлар 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(2)
21.04.2017. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
23-08-2017 22:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочку жургон жерлерге да болуштургуло
21.04.2017. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
23-08-2017 21:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтса болбойсуңар,митинг кылып аткандардын арасында кырсыктагандар жок деп)))билип-билбей ачуу сөзүңөрдү агытасыңар(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
92776;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,048533916473389