СУПЕРСТАН: "Сезимдин балына малынып, өзүң жактырган адамдан "мен сени сүйөм" деген сөздү угуу өзүнчө керемет болсо керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен сени сүйөм" деп айта албай жүргөндөр үчүн" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сезимдин балына малынып, өзүң жактырган адамдын оозунан "мен сени сүйөм" деп сүйүүсүн, бар сезимин сизге арнаганын билдиргени өзүнчө керемет болсо керек".

"Сүйөм демек түгүл, "жакшы көрөм" деп эч кимге айта элекмин".

"Мен үчүн адаттагы эле сөздөй, мүмкүн чын жүрөктөн сүйбөгөндөнбү, билбейм, кыскасы "мен сени сүйөм" деп көп эле айтып коё берем".

"Буга чейин "мен сени жакшы көрөм" деп гана айтчумун, ал эми "мен сени сүйөм" деген сөздү таза сактап жүрөм, буюрса, таза боюнча келинчегиме берем".

"Тамашалап "мен да сени сүйөм, досум" деп дос кыздарыма айтып калчумун. Бирок олуттуу мааниде эч кимге айтпаптырмын. Азыркы учурда бул сөздүн баркы кетип бараткандай, бирок мен үчүн дагы эле илгеркидей барктуу, көп айтыла бербеген сөздөрдүн катарына кирет".

"Мен үйлөнгөн күнү никеде айткам, ага чейин көздөрүм, мамилем менен эле билдирүүгө аракет кылып жүрдүм".

"Эгер жигит болсом айтмакмын, кыздарда намыс жол бербейт го. "Сүйөм" деп кимдир бирөө чын дилинен, жүрөгүнүн түпкүрүнөн айтып жатса да, ага деген махабат оту жанбаса кайдан сезмек элең. Жүрөгүң муз болуп тоңуп, океандагы эрибес айсберг болуп калса бирөөнүн сүйүүсүн да сезе албайсың, бирөөнү сүйө да албайсың".

"Мен бир гана кызга араң айткам, кандай кабыл алат деген "ой" мээни жеп, акыры айтып, жакшы кабыл алган болчу. Бирок жолубуз эки башка экен, ажырашып кеттик. Ошондон бери бир да кызга айта элекмин. Мен үчүн "мен сени сүйөм" деп айткан сөз, өтө барктуу. Туш келген адамдарга айта берүүдөн алысмын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-04-24 17:23:45
Азыркылардын суйуу сезимдери жокко эле эсе..телефондон суйом куйом деп айтып атышса кайдагы суйуу сезим...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан