ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: 3 жыл мурун Кыргыздын маданият кызматкерлери "Кайран заман" флешмобун уюштурушкан

2014-жылы 24-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн 40ка жакын маданият кызматкери бийликтин маданият тармагына жетиштүү көңүл бурбаганына нааразычылык билдирип, өкмөт үйүнө өкүрүп барышкан.

Аталган флешмоб “Кайран заман” деп аталган. Ага режиссёрлор Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, "Дем" театрынын жигиттери, сүрөтчүлөр, жазуучулар, акындар катышты. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдына чогулган жоон топ өкүргөн боюнча Өкмөт үйүнүн алдына барып, анын алдында 1-2 мүнөт туруп, эч кимдин чыгышын күтпөй эле тарап кетишкен.
Казакстан, Орусия жана Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева катыша турган иш-чараларга бойкот жарыялап, өткөрүлө турган башка иш-чараларга аны чакыруудан баш тартышкан.
Диаспоралардын кайрылуусунда, Камила Талиевага болгон нааразычылык 3-майда Казакстандын борбору Астанада болуп өткөн "Ала-Тоо булбулу Токтогул" деген иш-чарадан улам келип чыккан. Бул иш-чара диаспора жана демөөрчүлөрдүн эсебинен өткөрүлүп, министр конок катары катышып келген. "Кыргыз жергесине келген соң Камила Талиева иш-чараны министрлик уюштургандай билдирүүлөрдү таркатып жатат", - деп нааразы болушкан.
24-апрелдин жылнаамасы.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан