КҮНСЕРЕП: Эдил Байсалов ажонун чөнтөгүн өз алдынча иликтөөгө өттү

Бүгүн, 25-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттик шайлоо күнү дайындала элек жатып, ажо болууга ашыккандардын дүбүртү катуу чыга баштады. Адегенде 19-ноябрь деп айтылып, кийин ал датанын тегерегинде талаш ырбап отуруп, өткөн аптада Жогорку Кеңештеги КСДПнын лидери Иса Өмүркулов шайлоо 15-октябрда өтүшү мүмкүн деп чыккан. Бирок кечээ парламенттин спикеринин орун басары, депутат Данияр Төлөнов айрым эл өкүлдөрү президенттик шайлоону 1-октябрга дайындоону сунуштап жатышкандыгын кыйытты. Демек, алдыда иш айлары катары май, сентябрь жана жайкы каникул болгон 3 ай, баш-аягы жарым жылга жетпеген убакыт гана калды. Убакыттын баасын билгендер билек түрө үгүт кампаниясына мезгилинен эрте киришти. Элден мурун чоң казатка аттанарын жар салган Темир Сариев өткөн жылдын апрель айында премьер-министрликтен кеткенден бери активдүүлүгүн басаңдатпай келе жатат. Ал өкмөт башчылыкты аркалаган Жантөрө Сатыбалдиев же Жоомарт Оторбаевге окшоп креслодон кол жууган соң көмүскөгө кире качкан жок. Акыркы күндөрү Темир Сариевдин “Бирге” деп жазылган футболка-кепкаларды кийип, жаздын шарапаты менен көчөт тигип, ишембиликтерде, эл көп чогулган жайларда жолугушууларда жүргөнүн көрүүгө болот. Ага чейин “Ак шумкар” партиясынын лидери аймактарды түрө кыдырып келди. Президенттик шайлоого бара турганын расмий жарыялагандардын дагы бири Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да жер-жерлерде, өзгөчө электораты басымдуу болгон өлкөнүн түштүк аймагында жолугушууларды өткөрүп жатат. Эске салсак, өткөн жылдын аягында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “президент болуп шайланып келсе, таң калбайм” деп айткан 2 саясатчынын бири дал ушул Төрөбаев болчу. Шайлоого карата биригип жатабыз деген бойдон дымы чыкпай кеткен үчилтик – Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин анда-санда ар кандай тегерек стол жана жыйындардан гана көрүнгөнү болбосо, азырынча калың элдин тамырын тартып жатканы байкала элек. Болгону Адахан Мадумаров Садыр Жапаров өңдүү башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз менен жолугушууларды өткөрүп, мигранттардын колдоосу менен кошо Орусия жана Казакстандан колдоо издеп жаткан өңдөнөт. Шайлоонун фаворит талапкери, Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов чү дегенде трактор айдаган сүрөт, видеосун интернетке жүктөп, стартты аймактарды кыдыруудан баштады. Тагыраагы, фракциянын жыйындарын Жогорку Кеңештин дубалынан тышкары өткөрүп жатат. Жогорудагы “гастролдордун” таасириби же упайды алдырып жибербөөнүн аракетиби, президент Алмазбек Атамбаев да кечээ Ысык-Көлгө жөнөп кетти.

Шайлоо жакындаганда гана саясатчылардын элди эстеп, элге жакын болуп, өзүн эл адамы катары көрсөткөн амалы – бул кадыресе көрүнүш болуп калды. Кат-кат берилген куру убадалардын заманы өтүп, добуштар пул болгон заман келип, шайлоо чоң бизнеске айланып бара жатат. Аты жарыяланары менен потенциалдуу талапкерге айлана турган бийликтин ажо болом деген адамынын аты-жөнү дале табышмак. Бул табышмакты Атамбаевдин оппоненттери өз пайдасына колдонуп, “ушунча жыл эл башкарып ордуна татыктуу саясатчы тарбиялай албады. Ордун басуучусу жок, командасында талапкерликти талашып, эки, үчкө бөлүнүп тирешип жатышат” деген сындарды жаадырышууда...

Коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Алмазбек Атамбаевдин чөнтөгүн өз алдынча иликтөөгө өттү. Эске салсак, башкы прокурорго карматылган мамлекет башчынын байлыгы тууралуу документтери боюнча Байсалов эсеп-кысап кылып, 35 миллион доллар деп көрсөтүлгөн сумма чындыгында 27 миң доллардан ашпайт деп чыккан. Буга байланыштуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарында катачылык орун алганын моюндап, дагы кошумча материалдарды берүүгө мажбур болгон. Бирок бул маалыматты да Байсалов “калп” деди. Коомдук ишмердин айтымында, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн “Алмазбек Атамбаевге 90 пайыздык үлүшү таандык болгон “Гүлжанлар” деген ишкананын аталышы 2002-жылы “Электромед” болуп өзгөргөн” деген маалыматы жалган. Ал үчүн Байсалов атайын Түркияга барып келгенин, тиешелүү документтерди расмий органдар аркылуу алганын айтып берди. Сөз соңунда Атамбаевдин бир кездеги партиялашы, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеп турган Байсалов президенттин саясий моралдык жоопкерчилигин кароо зарылдыгын билдирди. Эми буга президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кандай реакция кылат? Эгерде Байсалов көрсөткөн документтер чын болуп чыкса, анда эл кандай чара көрүүсү керек болот? Президент өзүчү? Ошентип ажонун байлыгынын келип чыгуу тарыхын тактоодо Эдил Байсалов президенттик команданы 1-0гө жеңип чыкты. Азырынча...

Экономист, жарандык активист Азамат Аттокуровдун өткөн аптада интернет баракчасына “Ош жөнүндө кыскача. 300 миң адам. Бүтүндөй шаарда бир күн бою суу жок” деп жазганы талкууга алынууда. Чындыгында Оштун тургундары жаз келди дегиче катуу жаан жааган сайын суусуз калууга көнүп калышкан. Буга кошумча бүгүн оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү 2 күнгө токтотулганы маалымдалды. Шаардын жашоочуларын камсыздаган суу топтолуучу жайдын ачык болгону жана үстү жабылуу жайды курууга каражаттын жоктугу, деги эле бул маселени чечүүгө жергиликтүү бийликтин камырабаган мамилеси 300 миңден ашуун адамдын эң керектүү шартынан куржалак калтырып жатат. Суу, электр энергиясы, байланыш сыяктуу элементардык муктаждыктар, акыркы күндөрү күч алган жол коопсуздугунун көйгөйлөрү чечилбесе, коомчулук тарабынан ансыз да аз эмес нааразычылык толкунунун көбөйүшүнө алып келет. Айтмакчы, президент өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жол коопсуздугунун маселелери боюнча жыйын даярдоону тапшырды...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан