Ошто апасын сабап өлтүргөн бала эки айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"22-апрель күнү эртең менен 18 жаштагы бала "тазаланам" деп үйүнөн чыгып кеткен. Кийин анын "Анвар" мечитинин ичинде жылаңач жүргөнү белгилүү болуп, аны алып кетүү үчүн апасы барган. Бирок апасына макул болбой, катуу сабап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Ошол эле күнү кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда ал Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камалды. Азыркы тапта кылмышка шектүүнүн психикалык абалы текшерилүүдө", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Айта кетсек, окуя 22-апрель күнү эртең менен Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылындагы "Анвар" мечитинде болгон. Анда 1976-жылы туулган Арзыгүл Кожонованы 18 жаштагы баласы сабап салган. Сөөктү кароо учурунда, маркумдун 13 кабыргасы сынганы аныкталган.