ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: "Форсаж" тасмасындагы ролу аркылуу таанылган актриса Жордана Брюстер 37 жашка чыкты

"Форсаж" тасмасындагы башкы каармандын ролу менен таанылган бразилия-америкалык актриса Жордана Брюстер 37 жашка чыкты. Ал 1980-жылы 26-апрелде Панама Республикасында туулган. Төрөлгөн соң Лондондо жашап, 6 жашында Рио-де-Жанейрого көчкөн. Ал жактан балдардын телеберүүсүндө бийчинин ролун аткарып, калың элдин көңүлүн бурган. 10 жашында Нью-Йоркко көчүп барып, мектепти бүткөндөн кийин Йель университетинде окуган. 1995-жылдан тарта операларда ойногон.

1998-жылы "Факультет" тасмасына тартылган. 2001-жылы Камерон Диас менен биргеликте "Көрүнбөгөн цирк" ("Невидимый цирк") тасмасында роль жараткан. Ошол эле жылы "Форсаж" тасмасына тартылып (Миа Тореттонун ролу), атактуулукка жетишип, мыкты актрисалардын катарынан орун алган. 2011-жылы "Даллас" сериалында Элена Рамостун ролун жараткан.

Жеке жашоосу

2007-жылдын май айында Жордана Брюстер продюсер Эндрю Формго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда суррогат энеден төрөлгөн 2 уулу бар.

26-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jumaev0084
2017-04-27 02:33:09
Суррогат энеден торрлгон деген эмне?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан