Соттолуучунун туугандарынан 50 миң доллар пара талап кылган деп шектелген аскердик соттун мурунку башчысынын иши сотко өттү

Аскердик соттун мурунку башчысынын иши сотко өттү. Бул тууралуу 26-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик соттун мурунку башчысы А.Н. "пара талап кылуу", "пара алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда.

Маалыматка караганда, ал 2012-2014-жылдары 7-апрелдеги Апрель окуясы боюнча кылмыш ишин карап жатканда соттолуучунун туугандарынан 50 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Аскердик соттун башчысы болуп туруп соттолуучуну үй камагына чыгарууну жана жеңил жазага тартууну убада кылган. Аскердик прокуратура тарабынан иликтөө иштери бүтүп, иш Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан