Бүгүн, 27-апрелде "Эдельвейс" окуу борборунда Куралдуу күчтөрдүн аскерлеринин катышуусунда "Коопсуздук-2017" аталышындагы машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Анда чек арага жакын аймакта пайда болгон мыйзамсыз куралдуу түзүмдү ооздуктоо жана жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттердин ыкмасы иштелип чыкты.
"Бул жылы машыгуу Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында өткөрүлдү. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, ИИМ, ӨКМ, УКМК кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн командирлери менен, Чүй облусунун өкүлчүлүгү, Бишкек жана Токмок шаарынын мэрлеринин өкүлчүлүктөрү менен ар түрдүү тактикалык эпизоддордун практикалык аракеттерин аткаруу боюнча тапшырмалар айтылып, пландар иштелип чыкты.
Аларга биргелешкен тапшырмаларды аткаруу учурундагы өз ара аракеттенишүүнү уюштуруу, аймактагы кризистик кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу айтылды. Ошондой эле аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча планды ишке ашырууда баш ийген түзүмдөрдү башкаруу учурунда Биргелешкен ыкчам штабдын аракети, стратегиялык объектерди кайтарууга алуу, өзүнчө резервдик ротаны жайылтуу, фильтрациялык лагерлерди уюштуруу аракеттери аткарылды.
Иш-чаранын аякташы менен кыскача жыйынтык чыгарылып, машыгуунун активдүү катышуучуларын сыйлоо болду.