FaceApp тиркемесин жасаган программист "расисттик" фильтр үчүн кечирим сурады

Учурда популярдуу болуп жаткан FaceApp тиркемесин жасаган Ярослав Гончаров тиркемедеги "расисттик" фильтр үчүн кара терилүүлөрдөн кечирим сурады. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кара терилүүлөр тиркеменин "Hot" фильтри үчүн нааразы. Ал фильтр адамдын келбетин жагымдуу кылат. Анын бир ыкмасы адамдын терисинин өңүн агышыраак кылуу болгон. Бул фильтрден кийин өзүн көргөн кара терилүүлөр кыжырданышып, FaceApp'ты расисттик тиркеме дешкен.

Алар FaceApp кара терилүүлөрдү европалыктарга окшоштуруп коёрун айтышып, бул расизмдин түрү экенин белгилешкен. Ярослав Гончаров акыры алгоритмдердин туура эмес иштегени үчүн кечирим суроого мажбур болгон.

"Бул расизм эмес. Жөн гана сүрөттү өзгөртүүчү нейрондук түйүндөр туура эмес жөндөлүп калган. Биз учурда бул жагымсыз жагдайды оңдоо аракетин көрүп жатабыз", - деген программист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baisogur
2017-04-28 10:33:42
Кара тери болсо ак териге бир жолу айланып калгандай кейишиптирго тооба жакпаса не кыласын деген бирө жок
+2
kechirmeni
2017-04-28 10:50:51
Жакпаса анысын жасабай койсун да анан мени бироо карап койду дегендей эле болуп калыптыр да. Чымын тийгис чыпылдак деп койчу беле мындайларды
+9
mamatkerim
2017-04-28 11:07:09
Мени жаш кезимди негр бала кылып койду мен унчукпай эле отурам го
+8
lady_91
2017-04-28 12:52:12
mamatkerim,)))))
0
pixduel1
2017-04-28 12:52:29
Эми программаны ондогондон кийин ак тустуу адамдар кара терилуу болуп калса
+1
Han1
2017-04-28 17:15:53
Мага "огонь"болгон фильтр жаккан өзүмдү аябай сулуу сезип кеткем
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан