ӨКМ: "Өзгөн районунда жер көчкү алдында калган турак жай ээлерине коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилген"

Өзгөн районунда жер көчкү алдында калган турак жай ээлерине коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилген. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бирок аталган министрлик эскертүү качан берилгенин, элди коопсуз жайга көчүрүү боюнча кандай чаралар көрүлгөнүн айтышкан жок.

Айта кетсек, 29-апрель күнү эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Анын бирөөсүндө эч ким жашачу эмес, ал эми 6 турак үйдө адамдар жашаган. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү алдында 24 адамдын калганы айтылууда. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун чыгып кеткени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bosmos777
2017-04-29 10:55:15
Жараткан Кыргызымды сакта!
+3
R_u_S
2017-04-29 11:03:59
Аларга шарт түзүп берсеңер көчмөк, көчкүлө деп кетип кылсаңар талаага көчмөк беле, азыр туугандарыныкына батыш кыйын.
+3
dina1983-19
2017-04-29 11:28:25
Кырсык болсо эле эскертүү берилген деп кутулат ушул ӨҚМ. Эскертүү бергени менен көчүп кетүүгө акча каражат керек силерге көчүп кетиш качып кетиш оңой болсо калкка кыйын. Как буддо коопсуз жерге үй салып берип көчүп чык десе чыкпай койгондой сүйлөшөт.
Кырсыкка кабылгандардын жакындарына сабыр берсин.
+2
Kroxa
2017-04-29 12:12:42
Эскертуу бердик эле дешет ала жазда кайда барып жашамакчы кочуп алып бир уйдо 6,7 ден киши азыр бир тууган биртуугандыкына батабы озу??окмот уй салып же убактылуу вагон уй койуп берсе тирилик кылыша эле ар уйбуло эми мына 24 киши канчасы аман канчасы олду ким билет??..эскертуу бергенде талаага конуп тунойбу бала чака кары картандар бар болсо керек ар уйдо...
0
Aruwka.89
2017-04-29 13:06:19
Эскертуу берилгенден кийин сактанышка болмок окм ге баарыбирда ар бир адамдын жаны озу жана жакындары учун гана
Бирок эскерткендин кийин аракет кылышса болмок канча кочку журду озу озгондо ошолорду угуп деле даярданышса болмок да
бийликтегилер качан еле жардам беришчу эле керек болсо баягы учактагы кырсыктан чогулган элдин акчасын жей турган жону бар булардын ошондуктан ар бирибиз озубуз жакындарыбыз учун аракет кылалы ойдо жактан жардам кутпогулоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан