Жер көчкүнүн астынан 2 жашар жана 12 жашар кыздардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
"Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт, алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.
Издөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 30-апрель күнү саат 14:15те эки кыздын жансыз денелери табылды. Алар 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибилаева.
Издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.