Орусияда таштандыдан табылган адамдын дене бөлүктөрү Кыргыз жарандарына таандык экени аныкталды. Бул тууралуу орусиялык "MK" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 21-апрелде Москвадагы өлүккананын жанындагы таштанды челектердин биринен адамдын сөөктөрү, чачтары табылган. "Алар оролгон абалда болгон. Аны таштанды ташуучу унаанын айдоочусу кокустан көрүп калган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, дене калдыктарынын жанындагы кагаздарды окушкан. Анда аларды өлүкканадан Орусиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү алып кеткени жазылган", - деп жазат басылма.
Ошондой эле тергөөчүнүн 4 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган январда болгон жол кырсыгы боюнча иштеп жатканы белгилүү болгон. "Ал кырсыктан курман болгондордун денелери күйүп кеткен. Кырсык боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда сөөктөр экспертизага жөнөтүлгөн. Эксперттер дене бөлүктөрүн ДНК-экспертиза үчүн бөлүп алышып, бирок ал керек болбой калган. Аларды жерге берүү үчүн Кыргыз мамлекетине жиберишкен. Бирок кээ бир калдыктар өлүкканада калып калган. Тергөөчү аларды утилизация үчүн крематорийге өткөрүп бергендин ордуна таштандыга ыргыткан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.