Бүгүн, 2-майда журналист Үпөл Анаркулова депутат Жылдыз Мусабекова менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүн жарыялады. Анда Мусабекованын журналист кызды оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, коркутканы жазылган.
Сүйлөшүүлөр мындай жүргөн:
Жылдыз Мусабекова: - Алло, бул Алибиби? Ким бул?
Үпөл Анаркулова: - Ооба, угуп жатам. Ким керек сизге.
Ж.М: - Мага чалыптырсыӊар. Мен Жылдызмын. Кимсиӊ, Жазгүлсүӊбү, Үпөлсүӊбү, кимсиӊ?
Ү.А: - Мен Үпөлмүн.
Ж.М: - Үпөл?!
Ү.А: - Оу!
Ж.М: - Мен Жылдыз Мусабекова деген эжеӊмин. Сен мени жамандап жаздыӊбы? Тиги Тоӊ районунун акими Жылдыз Мусабекова деп.
Ү.А: - Эже, мен чыккандан кийин чалайынбы, азыр закрытый показда отургам.
Ж.М: - Каякта?
Ү.А: - Бир жерде отургам, чыккандан кийин чалайынбы дейм?
Ж.М: - Сен мени шыбасаӊ кыйынсыӊ, анан чыккандан кийин чаласыӊ. Сен вообще сөзүӊө жооп бересиӊби? Мен ат-башылыкмын, Тоӊ менен эч кандай жумушум жок. Давай, чык, сүйлөш азыр.
Ү.А: - Мен түшүнгөн жокмун азыр сизди.
Ж.М: - Сен мага чалыптырсыӊ, СМС жазыптырсыӊ. Мен бүгүн көрдүм, бүгүн гезитиӊ чыгыптыр. Мени шыбаптырсыӊ. Каяктагы бир Рита Исмаилова деген бир катын бар экен. Кудайдын колунан жөө качкан. Мен ат-башылыкмын, Тоӊ менен вообще тиешем жок. Тоӊдон болгон мугалим экен. Сен мени шыбаптырсыӊ, сен сөзүӊө жооп бересиӊби? Мен азыр Бабырга чалдым, Тынчтыкка чалдым, бүт баарына чалдым. Бүт сказали Үпөл деген катын деп. Сен вообще жооп бересиӊби? Сен канчадасыӊ азыр?
Ү.А: - Ал деген... Ал деген редакцияга келип...
Ж.М: - Келе берсин, редакцияга илибой катын келет. Редакцияга алкашы да, масы да келет, сойку да келет, жалап да келет, туурабы? И спросите, Мусабекова каяктан, сен каяктансың деп. Я ат-башинская. Тоӊ менен вообще тиешем жок. Тоӊ менен жумушум да жок. Тоӊ менен оокатым да жок. Ат-Башы менен Тоӊ совсем другие ... эме... Тоӊдун өзүнүн депутаты бар, Ат-Башы, Нарындын өзүнүн депутаты бар. Сенин вообще башыӊ иштейби?
Ү.А: - Анын келгенин, сүйлөп бергенин редакциядагы бүт баары эле, коллективдин алдында айтып берген...
Ж.М: - Сүйлөй берет да, илибой катын сага келип сүйлөй берет да. Менин душманымбы, менин кандай ... илибой катын сүйлөй берет. Сүйлөй берсе, сен жаза бересиӊби?
Ү.А: - Бул боюнча...
Ж.М:- Сен канчадасыӊ?
Ү.А: - Бул боюнча сизге да кайрылып, чалышкан.
Ж.М: - Жо-ок, се-ен канчадасыӊ, ошону айтчы? Сен кайрылганда сен менин пикиримди сурадыӊбы?
Ү.А: - Сизге бүт баарыбыз чалбадыкпы. Бүт баары чалды, мен да чалдым, башкалар чалды.
Ж.М: - Чалганда, мен алдымбы?
Ү.А: - Алган жоксуз. Жооп алганга...
Ж.М: - Албасам, мине чыгарасыӊ сен? эми сен Үпөл, ушул ар бир жазганыӊа жооп бересиӊ. Мен ар бир сөзүӊө Мусабе-кова дегенге миллион коём, ар бир Мусабековага.
Ү.А: - Аа, эмне үчүн? Ал менин сөзүм эмес да. Ал деген Рита...
Ж.М: - Сен ошол катынсыз докажешь.
Ү.А: - Ританын сөзү. Бул менин сөзүм эмес да эже.
Ж.М: - Рита сүйлөй берет да. Сага көрүнгөн катын келсе... Мен ат-башылыкмын. Рита сүйлөй берет. Сен мындай, сен мындай... Сен журналистсиңби, кайдан окудуң элең? Жазардан мурун башың менен шарить этишиң керек. Мусабекова деген нарындык, ат-башылык. Тоң менен Ат-Башынын айырмасы асман менен жердей. Тоңдун өзүнүн депутаты бар, Ат-Башынын өзүнүн депутаты бар. Тем более мен менин кесиптештерим сени көчөдө жүргөн пелёнкадан жаңы чыккан сенин сийдигиң бүтө элек кыз болсоң керек.
Ү.А: - Эже бири-бирибизди оскорблять этпей сүйлөйлү.
Ж.М: - Демек, сен оскорблять этсең жарашат ээ. Мен эртең барып бетиңди түздөп кетем, уктуңбу?! Сенин бетиңди эч ким көргөзбөс түздөп кетем. Сен мени оскорблять этип жатасың, целый гезитке чыгарып мени бл*дь. Сенин бетиңди мен түздөп кетем. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, жалапсыңбы, проституткасыңбы, сен кимсиң жазгыдай? Кто ты такая бл*дь? Сенин бетиңди мен түздөп кетем. Мен Ат-Башылыкмын, бл*дь. Сен жди меня, бл*дь. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, урганым да жок. Сен эмне сүйлөп атасың мага? Катын келип сүйлөгөндө, сен ойлонушуң керек болчу Мусабекова деген Ат-Башыдан деп. Сен ойлодуңбу “жазып койсо унчукпайт” деп. Мен эртең сенин бетиңди түздөп, тилип, туз сээп кетем, ж*лап, уктуңбу?! Мен буга чейин унчуккан эмесмин. Пелёнкада жаткан жалапсың да. Териңди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берип туруп кетем. Мен Мусабековамын! Уктуңбу?! Билген жериңе жазгының. Сен мени бул жерден бүгүн эле караладың бл*дь. Бабырга да чалдым, Тынчтыкка да чалдым, бардыгы Үпөл деди. Сен мага отвечать этишиң керек. Уктуңбу?!
Ү.А: - Аны эмнеге мен отвечать этишим керек? Ританын өзүнө байланышып көрбөйсүзбү.
Ж.М: - Башыңды иштеттиң беле? Сен ойлодуң беле, 120 депутаттын арасынан Мусабекова деген депутат келесоо деп? Мен келесоо эмесмин. Мен сенин бетиңди түздөп коём. Бетиңди түздөп к*түң менен теңдеп коём.
Ү.А: - Эже, бири-бирибизди сыйлайлы.
Ж.М: - Эмне кыла аласың сен? Сен эмне кыла аласың, айтчы.
Ү.А: - Мен эч нерсе кыла албайм.
Ж.М: - Дал*оебка, бл*дь, с*ка. . Сен каерде экениңди таап, к*түңдү түрөм.
Үпөл Анаркулова телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазган:
"Урматтуу кесиптештер, Фейсбук колдонуучулар! Депутат Жылдыз Мусабекованын мага чалып коркутуусунун аудио жазуусунун 1-бөлүгү. Бул жазууну коомчулуктун назарына чыгарууга анын жоро-жолдошторунун мага карата уюштурган каралоосу мажбур кылды. Бул бөлүктө Мусабекованын коркутуусунун сыпайы гана бөлүгү, кийинки бөлүгү мындан алда канча оор экенин билдирем. Алдыда ага да күбө болосуздар. Айтарым, бул окуя боюнча мен аягына чейин туруп, тиешелүү органдардан жана бийлик бутактарынан адилеттүүлүктү талап кылам!" - деген.
Белгилей кетсек, буга чейин Үпөл Анаркулова "КСДПнын депутаты 10 эркекке зордуктатам" деп коркуткандыгы тууралуу билдирген эле.