Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Азиянын бокс кеңешинин чемпиондук куруна ээ болду. Мушкер 2-майда Орусиянын Екатеринбург шаарында профессионалдык бокс боюнча өткөн Extra Round 2 деген аталыштагы мелдешке катышты.
59 килограмм салмакта рингге чыккан мекендешибиз Денис Лашинге каршы турду. 8 раунддук тирештин жыйынтыгында упай катыштыгында Акжол жеңип чыкты.
Карьерасындагы алгачкы чемпиондук курду тагынган мушкер ушуну менен 7 беттеште катары менен жеңүүчү аталып отурат.