Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту 15-майга белгиленди

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соту 15-майга белгиленди. Ал видеокайрылуу жасап Эсептөө палатасына унааларды сатып алуу боюнча тендерге катышпаганын, эч кандай документке кол койбогонун жана тергөө иштеринин жүрүшү жөнүндө айткан.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карамак. Бирок депутат менен бирге айыпталып жаткан Ж.Иманалиев жактоочусун алмаштырганы үчүн сот отуруму жылдырылган.

Депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. 24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.


кошулду
Шыкмаматов: "Тергөө өтө тездик менен аяктады, 15-майда сот отуруму башталат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан