ЖЫЛНААМА, 6-МАЙ: СССРдин Эл артисти, согуштун ардагери, белгилүү актёр Владимир Этуш 95 жашка толду

Советтик жана орусиялык актёр, педагог, СССРдин Эл артисти, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Владимир Этуш 95 жашка толду. Ал 1922-жылы 6-майда Москвада туулган.

Согуш мезгилинде Москвадагы педагогикалык институтунда аскердик-котормо факультетин бүтүрүп фронтко жөнөйт. 1943-жылы Украинанын аймагында оор жаракат алган. Владимир Этуш 1953-жылдан баштап кинолорго тартыла баштаган. Биринчи жолу "Адмирал Ушаков" аталышындагы тарыхый тасмага тартылган. Кийин “Кавказ туткуну”, “Иван Васильевич кесибин өзгөртөт”, "12 отургуч", "Буратино" жана башка фильмдерде роль жараткан.

Жеке жашоосу

Актёрдун алгачкы эки жубайы Нинель Мышкова жана Елена Измайлова деген актрисалар болгон. Андан кийин Нина Крайнова аттуу англис тилинен сабак берген мугалимге үйлөнгөн. Экөөнүн бир кызы бар. Крайнова 2000-жылы рак оорусунан улам кайтыш болгон. 2003-жылы актёр өзүнөн 43 жашка кичүү Елена Горбунова менен турмуш курган.

6-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sardarakam
2017-05-06 18:27:51
Аа жакшы бар болушса болдуда бар болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан