super.kg logo

ТЕСТ: Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу канчалык билесиз?

 

Улуу Ата Мекендик согуш - СССР менен фашисттик Германия жана анын союздаштарынын согушу. Миллиондогон адамдын өмүрүн алган кандуу салгылаш СССРдин жеңиши менен аяктаган. Быйыл Жеңишке 72 жыл болду. Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу эмнелерди билесиз? Тесттен өтүп билимиңизди текшерсеңиз болот.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Улуу Ата Мекендик согуш качан башталган?

1941-жылы 22-июнда таӊкы саат 4тө фашисттик Германия СССРге кол салган. Фашисттер биринчи эле күнү 1200 советтик учакты жок кылышкан. Жалпы 34 миллион 476 миӊ советтик жоокер согушка катышкан. Анын 500 миӊдейи аялдар.

Кийинки суроо


1939-жыл, 1-сентябрь
1941-жыл, 22-июнь
1940-жыл, 1-июнь

1941-1945-жылдары согушка Кыргыздан канча адам катышкан?

Кыргыздан 360 миңден ашуун адам согушка катышкан. 150 миңден ашууну курман болгон.

Кийинки суроо


160 миңден ашуун
200 миңдей
360 миңден ашуун

Пулемёттон ок чачып турган дзотту денеси менен жапкан кыргыз баатыры ...

СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 6-августта Воронежде Дон дарыясынын жээгинде душмандын дзотун жок кылуу максатында амбразуранын оозун денеси менен жапкан. Натыйжада, дзот жайгашкан бийиктик советтик аскерлер менен алынган.

Кийинки суроо


Калыйнур Үсөнбеков
Дүйшөнкул Шопоков
Чолпонбай Түлөбердиев

"Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган биринчи кыргызды билесизби?

Дүйшөнкул Шопоков Кыргыздан чыккан биринчи Советтер Союзунун баатыры. 1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разъездинде душмандын 50 танкынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөс эрдик көргөзүп, теңдешсиз салгылашууда курман болгон. Көрсөткөн каармандыгы, эрдиги, баатырдыгы үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда "Советтер Союзунун Баатыры" наамына татыктуу болгон.

Кийинки суроо


Чолпонбай Түлөбердиев
Дүйшөнкул Шопоков
Дайыр Асанов

Кыргыз жеринде түзүлүп баштап, Москваны коргоп калууда эрдик көрсөткөн дивизия ...

Панфилов дивизиясы – 316-аткычтар дивизиясы 1941-жылы 12-июлдан Фрунзе (Бишкек) жана Алматы шаарларында уюштурула баштаган. Командирликке Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор И.В.Панфилов дайындалган. Москваны коргогону үчүн дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланып, "Гвардиялык дивизия" наамын алган. И.В.Панфилов курман болгондон кийин (1941-жыл 18-ноябрь), анын ысымы дивизияга берилген.

Кийинки суроо


Панфилов дивизиясы
Аткычтар дивизиясы
Деңиз пехотасынын дивизиясы

Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Ата Мекендик согушта канча адам каза болгон?

1946-жылы Иосиф Сталин Улуу Ата Мекендик согушта 7 миллион адам каза болгонун айткан. Ал эми Никита Хрущев 1961-жылы курман болгондордун саны 20 миллион деп билдирген. 1988-1993-жылдары аскердик тарыхчылар иликтөө жүргүзүп, жалпы 27 миллион адам набыт болгон деген тыянак чыгарышкан.

Кийинки суроо


7 миллион адам
20 миллион адам
27 миллион адам

Фашисттик Германия тарабынан 4-5 айга пландалган согуш канча күнгө созулган?

Гитлер тарабынан бекитилген план боюнча СССР 4-5 айдын ичинде жеңилиши керек. Бирок согуш 4 жылга же 1418 күнгө созулган.

Кийинки суроо


1500
1418
2000

Улуу Ата Мекендик согуштун улуу кол башчыларынын бири Георгий Жуковдун аскердик чини кандай?

Улуу Ата Мекендик согушту жеӊиш жаратуучулардын бири деп тарыхта калган, 4 жолу "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган Георгий Жуковсуз элестетүүгө болбойт. Анын аскердик чини - маршал.

Кийинки суроо


Адмирал
Армиянын генералы
Маршал

Согуш жылдарында кайсы шаарды басып алуу операциясы "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген?

Берлинди алуу операциясы тарыхтагы эӊ ири согуш катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Эки тараптан 3 жарым миллиондой киши, 52 миӊ замбирек, 7750 танк жана 11 миӊ учак катышкан.

Кийинки суроо


Москва
Берлин
Сталинград

Баатыр шаарды атаңыз...

Улуу Ата Мекендик согушта жогорку коргонууну көрсөткөн 12 шаарга "Баатыр шаар" наамы берилген. Алардын арасында азыркы Беларустун борбору Минск дагы бар. Андан сырткары Ленинград, Одесса, Севостополь, Сталинград, Москва, Киев, Тула, Смоленск, Мурманск, Новороссийск жана Керчь шаары. Ошондой эле Брест чебине дагы "Баатыр" наамы берилген.

Кийинки суроо


Сочи
Минск
Рига

Ленинград блокадасы канча күнгө созулган?

Улуу Ата Мекендик согуштун эӊ эсте калган учурларынын бири – бул Ленинград блокадасы. Ал 872 күнгө созулган. Анда 1 жарым миллионго чейин адам (алардын көпчүлүгү ачкачылыктан) каза болгон. Блокадада өлгөн адамдарды көмүүгө жетишпей калышкан жана каннибализм (киши жегичтик) да катталган.

Кийинки суроо


872
1200
965

СССРге кол салуу үчүн фашисттик Германия тарабынан иштелип чыккан аскердик пландын аталышы ...

"Барбаросс планы" (Ыйык Рим империясынын императору Фридрих I Барбаросстун атынан) - СССРге каршы фашисттик Германиянын согуш планынын шарттуу аталышы. Гитлердин 1940-жылы 21-июлдагы буйругу боюнча, СССРге каршы согуш ачуу планын даярдоо милдети кургак жердеги аскерлердин башкы командачылыгына тапшырылып, Башкы штабынын башчысы, генерал-полковник Ф.Гальдер иштеп чыккан. Анын акыркы варианты 1940-жылы 5-декабрда бекитилген.

Кийинки суроо


"Гитлердин планы"
"Барбаросс планы"
"Москваны басып алуу"

Адольф Гитлер ким тарабынан өлтүрүлгөн?

Улуу Ата Мекендик согуш аяктап жатканда Гитлер жеңилгенин түшүнүп, өз өмүрүнө кол салган. 1945-жылы Рейхтин абалы өтө начарлап калгандыктан Гитлер Берлинде калып, советтик аскерлер рейхканцеларияга бут койгондо өзүнүн жанын кыюуну ойлогон. Ал 1945-жылы 30-апрелде өзүн атып өлтүргөн. Аялы Ева Браун цианид ичип каза болгон. Гитлердин керээзи боюнча, аялы Ева Браун экөөнүн сөөгү өрттөлгөн. Алардын сөөгүнүн күлү “Смерш” офицерлери тарабынан табылып, 1970-жылдары түп орду менен жоготулган.

Кийинки суроо


Орус тыңчылары тарабынан
Өзүнүн суранычы менен күзөтчү өлтүргөн
Өзүн-өзү өлтүргөн

Гитлердин СССРге согуш ачуусунун негизги себептеринин бири ...

Гитлер СССР менен согушта жеңип чыгарына ишенген. Согуш башталардан мурун Германия СССРдин аймагын өзүнө ылайыктап бөлүштүрүп, план түзгөн. Жеңиштен кийинки 30 жыл аралыгында 4,5 миллион немис элин Советтер союзунун аймагына көчүрүп келүүнү планга киргизген.

Кийинки суроо


Жеңиштен кийин немистерди СССРдин аймагына көчүрүп келүү
Москва шаарынын ордуна көл куруу
Ленинградда түрмө куруу

Фашисттер кимдин башы үчүн 250 миң марка төлөөнү убадалашкан?

Согуш талаасындагы жоокерлер менен тылдагы элди байланыштырып, фронттогу жаӊылыктар менен тааныштырып турган башкы диктор Юрий Левитанды Гитлер №1-душман деп эсептеген. Алгач аны Германиянын жеңишин айттыруу үчүн уурдамакчы болушкан. Ойлору ишке ашпай анын башы үчүн 250 миң марка акча сайып, атайын кызматтар артынан аӊчылык кылган. Ал эми Левитанды өӊүнөн саналуу гана адамдар тааныган.

Кийинки суроо


Юрий Левитан
Георгий Жуков
Иосиф Сталин

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
09.05.2017. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:57
Жынысы:
Белгисиз
0
4ката
09.05.2017. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2017 19:39
Жынысы:
Белгисиз
0
7 туура 8 ката 47 балл
09.05.2017. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-11-2016
Соӊку аракети:
19-03-2018 12:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
12 туура 3 ката 87 балл
09.05.2017. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
+4
54 балл
09.05.2017. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-10-2015
Соӊку аракети:
23-07-2018 15:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
100балл 15туура
09.05.2017. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 00:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
67 бал
09.05.2017. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
28-02-2013
Соӊку аракети:
03-09-2018 13:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+2
94.
09.05.2017. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
60 баал
09.05.2017. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
04-02-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 00:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
80балл)
09.05.2017. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-07-2015
Соӊку аракети:
02-08-2018 03:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
67 бал
09.05.2017. 15:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
22-07-2017 12:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
105 ball
09.05.2017. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
+3
94 балл / 14 туура 1 ката
09.05.2017. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
540
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 02:41
Жынысы:
Белгисиз
+4
100 балл,3суроого интуициям туура жооп берди,калганы женил суроолор экен.
09.05.2017. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
07-03-2018 16:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
94
09.05.2017. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
10-05-2017 00:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+2
64
09.05.2017. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
27-06-2016
Соӊку аракети:
11-07-2017 02:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
12 балл десем эч ким ишенбейт э))))
09.05.2017. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
09-06-2015
Соӊку аракети:
31-08-2018 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
87 бал 13 туура
09.05.2017. 19:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
+1
60 упай өзүмө өзүм канааттандыраарлык деген баа коем
09.05.2017. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
29-10-2016
Соӊку аракети:
06-06-2017 00:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
60
09.05.2017. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
887
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
87 балл
10.05.2017. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
29-03-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 04:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+2
74 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: