Бишкекте кыз ала качууга каршы болгон жарандар унаа жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 6-майда Бишкекте "Эркектер зомбулукка каршы" жана "Wish Club" уюмдарынын демилгеси менен "Мен кыз ала качууга каршымын" аталыштагы унаа жүрүшү болду.

Жүрүш Тынчтык кең көчөсүнөн башталып, Абсамат Масалиев, Байтик баатыр көчөлөрү менен уланды. Ага катышкан эркектер, өлкөдөгү аялдарга болгон зордук-зомбулукка, кыз ала качууга каршы экенин, аялдардын укугун коргоочулар бар экенин билдирүү максатында чыгышканын айтышты.

"Иш-чараны кыз ала качууга каршы элдин ой-пикирин өзгөртүү, коомчулукка кыз ала качуу зомбулук экенин жеткирүү үчүн уюштурдук", - дейт Марат Алиаскаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azatbek83
2017-05-06 22:05:54
Менда кыз алып качкандарга каршымын.Эгерде ата бабалардан калган салт дешсе анда кызды болуп койуп ата-энесинин ыраазычылыгын алып ата бабалардан калган салт деп алып качса болот бул менин ойум.
+9
Jaloshtalnarisbatchui
2017-05-07 10:16:18
Атын чыкпаса жерт ортто дейт...кыз алып качуузакон мн тосулдуго....террористтерге каршы чыккыла...еврейлер ИГИЛди куруп алып канча адамды олтуруп жатышат...
0
tyrgon
2017-05-06 23:47:05
уялчаак кыздардын шору каткан экен да айбыгып тиесинби десе оа тием деп айтаар бекен. бирок баары бир кыз ала качуу токтоп калбасада бирин серин болуп турса керек кыз конулу менен
+3
Riokyrgyz
2017-05-07 08:57:50
Мен деле кыз ала качууга каршымын,бирок мен каршы болгонум менен копчулук кыздарга жалко экен да.
Канчалаган кыздар куёоого тие албай армандап журушот
+5
bek007
2017-05-07 09:57:13
Каршы болгондор боло берсин, алып качкандар алып кача берсин. Силерди каршы экен деп отура береби анан үйлөнө албай.
+3
anar8672
2017-05-07 10:08:39
Куниктер гана сулууну алып качат отуруп калабы экен деп бообосо суйлошуп макулдугу менен да алып келсе болот
-5
Krai
2017-05-07 10:12:28
Каршы болуп эмне кыласынар кыз менен жигит макулдашып алып качырып кетсе эмне экен той кылып алса билесинерби канчалаган чыгым колунда барлар дунгуротуп уйлоно бергиле колунда жоктор той кылам деп журуп отуп кетет го уйлонбой ансыз деле тапканындын баарын тойго чыгымдап отурабыз кыз менен жигит суйлошуп макулдашып алып качырды болуп кете берсин бактылуу болуп эле жашап атышпайбы килейген чон той берип кредит менен кайра ажырашкандар деле толтура го
+7
Aikyn93
2017-05-07 10:18:53
ала качкандар ала качсын канча деген кыздар куйоого тие албай журот
+10
Truelensk
2017-05-07 10:43:36
Кыз тием деп айталбаса тигиниси ала качкандан корксо анан экоо журо береби.
+8
AykaMer
2017-05-07 10:52:09
Мыйзам буларга эми жеттиби?! 3,4 жыл болуп калды го мыйзамга киргизилгенине. Киргизе электе чыксанар болмок экен. Азыр алып качуу жок почти...
-2
Best.bakyt
2017-05-08 04:21:44
Каалабайсынбы сен алып качпа да уйундо шук отур. Ала качкандар ала кача берсин бул жерде эч кандай жаман нерсе жок салт деп койот. Ата бабаларыбыз ала качып эле тукум улап келген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан