6-майда башталган катуу жааган жаандан улам Өзбекстандын борбору Ташкенттин борбордук көчөлөрүн суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Ал эми Өзбек гидрометеорологиялык кызматы жаан-чачындуу аба ырайы 8-майга чейин уланарын билдиришкен.
Ошондой эле жылда катуу жаандан соң жогоруда аталган шаардын көчөлөрүн суу каптаары айтылат. 2014-жылы катуу жааган жамгырдан улам Ташкентте борбордук көчөлөр, жер алдынан өткөн өтмөктөр, метронун айрым станциялары суу алдында калган.