Бишкекте үстү ачык люк март айынан бери жабылбай турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Окурмандын айтымында, үстү ачык люк Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
"Мурун аны көрүп, айланып өтүүгө мүмкүн болсо, эми тегерегин чөп басып, ичине суу толуп калган. Кечээ маршруткага чуркап бараткан кичине кыз түшүп кете жаздады. Элдер кыйкырып жибергенинен бир метр жетпей токтоп калды. Бизде сөзсүз эле кырсык болгондо кыймылдап калышканбы?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.