Бүгүн, 14-майда президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында "Бир алкак - бир жол" эл аралык кызматташтык форумуна катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Атамбаев 13-майда Пекин шаарына учуп келген. Жумушчу сапардын алкагында мамлекет башчысы аталган форумга катышуудан тышкары Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.