ЭЛДИК КАБАР: Оштогу сейил бакта аттракцион кулап, адамдар жабыркады

Бүгүн, 14-майда Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында (Алишер Навои атындагы сейил багы - эски аталышы - ред.) аттракцион кулап түштү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 18:30 чамасында болду. "Аттракциондо аз эле адам болгон. Кырсыктан улам 4-5 адам жабыркады. Аларды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Оштогу паркта аттракцион кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kroxa
2017-05-14 23:05:03
Акча эле керек балдардын омуру менен эсептешпейт сотко берип жоопко тартышсын.. эскилиги жетсе да иштетип аткандарын карасан..
+7
cholpon9393
2017-05-14 23:59:09
Аллахым аай бугун эле ошол жерден откон болчук балдарыбыз менен кудайм озу сактасын бодо кырсыктан.((((
0
Nendi15
2017-05-15 00:52:14
Бакиев күнөөлүү болуп чыгат эртен
+3
KGstan1981
2017-05-15 01:55:32
Nendi15,Бакиев эмес Мелис Мырзакматовту кунолоп коюшат.Мырзакматов караган эмес ошол мэр болгондо орнотулган деп коюшат бул уяты жок бийлик.
+5
surgeon777
2017-05-15 03:46:41
KGstan1981,Бакиев эмес,Мырзакматов да эмес Атамбаев куноолуу деп жазышат,табигый кырсык болобу,авария болобу,аялы куйоосу ажырашып кетсе да АША куноолуу боло берет))
Ноокас болгондор сакайып кетишсин..эски атракционду коргондо ойлонуп жургуло туугандар,рисковать этпей..
+1
pixduel1
2017-05-15 04:29:01
Мен дайым коркчу элем эми вообще чыкпайм)) балдарды да чыгарбайм кудай сактасын! Ким жабыркаса айыгып кетсин.Май айынын женуучусу болот ушул видеону жоноткон) жакшы эле ойдо айттым бирок!
0
DNurgiza
2017-05-15 08:49:34
кудай сактап дагы эл аз учурунда кулаган экен..... жабыркагандар аман эсен эртерээк айыгып кетишсин.
0
nemoo
2017-05-15 11:42:25
eex emne boldu
0
danik0101
2017-05-15 13:23:55
Аллах сактаптыр дагы, бир туугандар аман болгула. Текшерип бутсунчу коробуз кимди куноолоп чыгат болду экен.
0
Aselin
2017-05-17 14:28:24
Мырзакматов Бакиевтин эмне тиешеси бар алардын кеткенине канчалаган жылдар отту. Ким иштетип жаткан болсо ошол куноолу, убагында караш керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан