Парламенттик шайлоодогу босоголук баллды 9 пайызга жогорулатуу сунушуна депутаттар арасында каршы пикирлер айтылды

Бүгүн, 17-майда парламентте депутаттар “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдошту.

Талкуунун жүрүшүндө парламенттик шайлоодогу босоголук баллды 9 пайызга жогорулатууга депутаттар каршы пикирлерди айтышты.

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов эмнеге 9 пайызга көтөрүлгөнүн сурады. “Башында 5 пайыз болчу, андан кийин 7 пайызга көтөрүлдү. Биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгып Кыргыз мамлекетинин кээ бир партиялары мындай пайызга туруштук бере албайт. Көпчүлүк өлкөлөрдө босоголук балл 3-5 пайыз”, - деди Ормонов.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев бул сунуш партиялардын биригишине түрткү боло турганын айтты.

Жогорку Кеңештин жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды. Анда саясий партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу жана президенттик шайлоону 19-ноябрдан 15-октябрга жылдыруу сунушу каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан