Бишкекте телефонун жоготуп алган шаар тургуну смартфонун ким көтөрүп жүргөнүн тиркеме аркылуу аныктап алды

Бишкекте телефонун жоготуп алган шаар тургуну смартфонун ким көтөрүп жүргөнүн тиркеме аркылуу аныктап алды. Назар Канаев аттуу интернет колдонуучунун айтымында, өткөн жуманын аягында уюлдук телефонун жоготуп алган. Ал эми 16-майда анын смартфону менен селфи сүрөткө түшкөн белгисиз адамдын фотолору Dropbox программасына келип түшкөн.

"Бүгүн Dropbox'ка сонун сүрөттөр келди. Жаш жигит өзүнүн жүзүн менин телефонума тартыптыр. Жакындан таанышуу үчүн чалсам алган жок, уялчаак экен", - деп жазат Назар Канаев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына.

Ошондой эле ал анын смартфону менен селфи сүрөткө түшкөн баланы издеп табууга жардам сураган.

Айта кетсек, Dropbox тиркемеси телефондун камерасына тартылган сүрөттөрдү автоматтык түрдө сактап турат. Сүрөттөрдү үйдөгү компьютерден да көрсө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kroxa
2017-05-18 08:47:29
Кызыл койнокчон бала экен фбдан кордукго балким ал сатып алгандыр??озу деле билбейттир??.мына Dropboxтун пайдасы..кайтарып калаар..фбга кирип калса же тааныштары болсо айтаттыр...
+5
Aytur
2017-05-18 09:01:32
Тезинен катталайын
+3
rruslan88
2017-05-18 09:40:09
Ошо программанын ссылкасын жонотуп коюнуздарчы?
+4
BakytAliev
2017-05-18 09:43:43
rruslan88,ал программа эмес айфон телефондордо болот если меники да жоголсо озум таап алам мен да. Айфон котором самсунгду жакшы тушунбойм балким анда да бардыр
-22
Sarywka2017
2017-05-18 09:57:14
BakytAliev,меники айфон 5 болобу кантип откузот
-7
Kroxa
2017-05-21 22:47:57
BakytAliev,айфондо эмес эле HTS-x5 да бар экен..3-класстагы баламдын телефону..
0
kg_emilbekov
2017-05-18 14:45:15
rruslan88,dropbox.com
0
Janel2013
2017-05-18 10:06:29
Самсунгда бар бекен ким билет? Билгендер болсо, жазып коюңуздарчы.
0
maku88
2017-05-18 10:41:27
Janel2013,самсунгда гугл фото деген бар, эгер андроид смарты болсо гугл почтана пароль койуп кой жоголгондо эчким аккаунту очуралбайттурган если телефон жоголсо ошо теледеги аккаунтту компко жазып кайда жургонун билсен болот дата галса ошо аккаунт мн телефонду башкарсан болот комп мн
0
solntse95
2017-05-18 10:38:08
Тааныгандай болдум, жузун толук ачып койбопсунар
0
mentol
2017-05-18 15:00:03
solntse95, Инстаграмда толук эле коргозуп койгон жузун
0
tulpar90
2017-05-18 11:49:33
Dropbox эмне?
0
bond02
2017-05-18 13:38:50
Бул жакта жалан эле айфонум бар деп мактангандар го.
+10
aiperiska
2017-05-18 21:05:59
bond02,айфон десе эле мактанган болуп калмак беле?!кызыктай немесинер
0
DNurgiza
2017-05-18 13:49:36
Таап алса, буйрусун эми........
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан