Бүгүн, 18-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динанын баш коргоо чарасын карайт. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, баш коргоо чарасы саат канчада каралары азырынча белгисиз.
Айта кетсек, Малика Дина кечээ, 17-май күнү эртең менен Дубайдан учуп келгенде "Манас" аэропортунан кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча иш козголуп, "ижарага алган унааны кайтарып бербей, башка адамга сатып жиберген" деп айыпталууда. 9-март күнү айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту сыртынан аны камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам ал издөөгө алынып, кармалары менен тергөө абагына киргизилиши керек болчу. Бирок Малика Динанын ден соолугуна байланыштуу ал Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган.
Ал эми Динара Акулова кызын эч ким кармабаганын, ал болгону Аламүдүн РИИБине сурак бергенин айтты. Ошондой эле ал Малика Динага бүгүн операция жасаларын билдирген болчу.