Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo
реклама
Жакында президенттик шайлоо өтө турган болсо, кимге добуш бермексиз?

15.05.2017-29.05.2017

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелгендердин соту. "1,5 жаштагы небереси күрмөсүн бутуна кийип алып, басып жүрүптүр. Анын кийимдери да кан болчу" дейт күбө

 

Бүгүн, 19-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча сот отуруму болууда. Кылмышка шектүү Нарын Токтошевдин айтымында, өзүнө коюлган күнөөгө толук макул эмес. Себебин аялды атайылап өлтүрбөгөнү менен түшүндүрдү. Ал эми Майрамкүл Абдурасулова адам өлтүрүүгө катышпаганын айтты. Андан сырткары сот отурумунда маркумдун күйөө баласы Майрамбек Жуманов күбө катары суралды. Айтымында, үйгө киргенде бөлмөдөгү буюмдарды чачылган абалда көргөн.

"Мен саат 11:42 чамасында үйгө келген учурда короонун эшиги ачык экен. Андан соң менден мурда үйгө кирген небереси "чоң энем өлүптүр" деп кыйкырып чыкты. Шашып кирсем, ал уктоочу бөлмөсүндө жерге бүк түшүп жатыптыр. Жердин баары кан экен. Дароо анын уулу Нурланга телефон чалдым. Аркы бөлмөдө 1,5 жаштагы небереси күрмөсүн бутуна кийип алып, басып жүрүптүр. Анын кийимдери да кан болчу. Менимче, ал өлгөн чоң энесинин жанына келсе керек. Кийин милиция, "Тез жардам" келди. Аларды Нурлан чакырыптыр", - деди Майрамбек Жуманов.

Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.

 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(1)
20.05.2017. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
26-05-2017 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтошевден 15000$ алып анан башка атууну сот чечим чыгаруу керек . Ошондо азаябы мындай кылмыштар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 

Учурда 0 адам бул кабарды кароодо

Соңку кабардын статистикасы

Кабарлар:
88168

Колдонуучулар:
67933
Жаңы катталган:
JakuAlia83
Эң көп колдонуучу:
43614
02 февраль 2017 10:01
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,1272599697113