Чүй облусунда тургун аялын кызганып, 32 жаштагы жаранга бычак сайды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-май күнү Москва районунун Ак-Суу айылында болгон. Анда 60 жаштагы М.А. аялын кызганып 32 жаштагы З.Пга бычак сайган. Жабырлануучу Москва райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө.