Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын ишин карады. Анда кармалгандардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бирок судья Марат Сыдыков ал өтүнүчтү канааттандырган жок.
Айыпталып жаткандардын тизмеси:
1. Сабыр Жапаров;
2. Рустам Жапаров;
3. Калыбек Жапаров;
4. Улан Усупов;
5. Жаңыбай Жеңишбеков;
6. Эркланбек Тагаев;
7. Чыңгызхан Кожогелдиев;
8. Байгазы Казыбаев;
9. Айдынбек Шамшидин уулу;
10. Абдыманап Бегишев;
11. Адылбек Исаев;
12. Анарбек Бейшеков (үй камагында).
Кийинки сот отуруму 1-июнда болот.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.