Кыргыз кызынын документтери чиновниктердин айынан жараксыз абалга келди. Акыйкаттык издеген кыз тууралуу 19-майда укук коргоочу Рита Карасартова жазып чыкты.
Анын айтымында, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну Айкүмүш Алиева 16 жашка толгондо жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документтерди чогулта баштаган.
Мамлекеттик каттоо кызматынан ага Социалдык фонддон камсыздандыруучу полис алып келүүнү айтышкан. Бардык документтерин тапшыргандан кийин ал кызга соцфонддун кызматкерлеринин айынан жеке номери туура эмес жазылган камсыздандыруучу полис беришкен. Бир жылдан бери ал ката жазылган жеке номерин өзгөртө албай жатат.
"Мамлекеттик бир чиновник, "ай, эже датасынан эле кичинекей ката кетиптир ошого дагы ушунча жүрөсүңөрбү? Кызыңызды эркек деп жазып койбогонуна сүйүнгүлө" дептир. Мамкаттоо кызматы расмий түрдө КРнын мыйзамына ылайык жеке номери (ПИН) жаранга бир жолу берилет жана өзгөрүүсүз калат деп жооп бериптир. Ал эми өспүрүм кыздын эмне күнөөсү бар, документ берген адамдар адашып беришсе?" - дейт укук коргоочу.
Рита Карасартованын айтымында, Айкүмүш Алиеванын паспортундагы туулган жылы менен жеке номери туура келбесе документ жасалма катары саналат да, ал чет мамлекетке чыга албай калат.