ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Америкалык ырчы Шер 71 жашка толду

Атактуу америкалык поп-ырчы, көптөгөн ырлардын автору, актриса, продюсер Шер бүгүн, 20-майда 71 жашка толду. Ал 1946-жылы Калифорнияда туулган. Кино, музыка жана телевидение жаатындагы эмгектери үчүн "Оскар", "Грэмми", "Эмми" жана үч "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.

Карьерасын 17 жашында баштаган. Алгачкы ийгилигин 1965-жылы "Сонни менен Шер" дуэтинин курамында "I Got You Babe" ыры менен жараткан. Кийин жеке ырчы катары чыга баштаган. Ошону менен бирге "The Sonny and Cher Comedy Hour" шоунун алып баруучусу болуп "Алтын глобус" сыйлыгын алган.
1984-жылы "Силквуд" тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты аялдын ролу" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын алган.
20-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul1987
2017-05-20 08:19:49
Бүгүн менин да туулган күнүм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан