ЭЛДИК КАБАР: Кара-Кулжанын 80 жылдык мааракеси өтүп жатат

Бүгүн, 20-майда Кара-Кулжанын 80 жылдык мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Майрамга келгендердин саны көп. Учурда эски буюмдар көргөзмөсү, концерт өтүп жатат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
kechirmeni
2017-05-20 15:05:37
Биринчиден маареке кут болсун! Анан келген конокторго уят эле, жолдорду кичине ремонттоп анан откорушпойбу десен.
+2
anuvar0903
2017-05-20 15:07:39
kechirmeni,кайсы жолду айтып жатасын бул стадион ичинде болуп жатат
-1
kechirmeni
2017-05-20 15:21:53
anuvar0903,Стадионго жол менен киреби акыры, Стадиондо болуп атканын баары эле коруп атат
+1
Patriot7
2017-05-20 15:35:00
Кара-Кулжалыктар маарекеге кошуп Жээнбековдун кандидат корсотулушун да жууп жатышса керек, СДПКдан кандидат корсотулгонунун озу 80% президент болот деген кеп, калганы, шайлоо болгону формальность деп...
+5
Patriot7
2017-05-20 15:39:39
Негизи 60, 70, 80 жылдыктарды жоюп салышса болмок... Мааракеге деп баягы эле бюджетник мугалим, врачтардын айлыгынан акча кармап калышты да зордоп эле. Маараке откорууго деп бюджеттен миллиондор болунду. Тиги жерде (ошол эле Кара-Кулжа, Озгон, Алайда) жер кочку, жер титироодон жабыр коргон эл чатырда жашап жатат шарты жок. Канча айтылса да ОКМ контейнерлерди коюп бербеди. Кочмондор оюнуна канча болсо да боз уй табылат, мындайда бири да жок...
+4
akjolmiraj
2017-05-20 15:42:03
Майрам ирасса сонун отуп атат! Рахмат уюштуруучуларга! Ырчыларды дагы кутуп атабыз, кечки саат 7 де башталат экен,келип коруп конул ачып кеткиле.
-2
Patriot7
2017-05-20 15:45:17
akjolmiraj, бироого кулку-той, бироого кайгы ый-мун... Кечоо эле кочку болуп эл каза болгондордун кыркын откоро элек. Алардын проблемалары чечилбей, алардан кабар алган бийлик озу жок. Ал эми аш-тойго аким ж.б.биринчилерден болуп жетип келишсе керек?..


Ар ким озун ойлоп оз комочуно кул тарта берсе жакында онолбойбуз го...
+4
Patriot7
2017-05-20 15:42:21
Мааракеге жумшалган миллиондорду жабыркпгандарга жардам иретинде жумшаса болбойт беле?!! Мисалы ошол жабыркаганарга Окмот эртерээк участка болуп берип, мааракеге деп табылган акчага, жаны там салууга тийиш ар бир уй-булого 1-2 тоннадан цемент, 5-10 минден бышык кирпич алдырып берсе да чон жардам болот эле го!...
+2
KGstan1981
2017-05-20 15:50:14
Кыргыздар чыгаша кетирип маракелерди жана чон тойлорду откозушту жакшы корот окшойбуз.Андан коро ошол акчага жолдорду ондошпойбу.Уяты жок бийлик.
+5
Patriot7
2017-05-20 16:01:36
Бийликке соз жок. Мына башканы коюп Атамбаев бийликте турган акыркы 7 жылда бийлик канча завод-фабрика курду?! Канча км жол салды оз акчасына?! Карыз алып салган жолдору сапаттуубу?! Дыйкандардын маселесин чечип алар ондургон продукциянын канчасы экспорт болуп жатат?! 7 жылда канча оорукана курулуп канчасынын мед.аппараттары жаныланды?! Канча бала бакча курду Окмот? Анан канча той-аш, маараке, кочмондор оюнун откорду?! Окмот той-аш боюнча гана план аткарыптыр, болгондо да 5000%!
+5
nurbekasr
2017-05-20 16:06:02
Өзүм Кара кулжадан болом,маараке өткөрүшүнө каршымын.Жок дегенде көчкү титирөөдөн жапа чеккендерге жардам бергендин ордуна,Алладан тилеп түлөө өткөрүшсө жакшы болмок.
+5
simone
2017-05-20 16:26:32
Алга, Кара-Кулжам! Өркүндөй бер,өсө бер
0
Izdeim_seni.
2017-05-20 22:09:36
Олкону кырсык басып жатканда маареке дегенди токтото турса болбойт беле. Жок легенде кузго чейин.
+1
Antoshka2016
2017-05-21 04:12:25
Корку наркы озголордон башкараак Каракулжам 80жылдыгын кут болсун!кандидатурасын жууп атса керек деп ичинерди тарытпай эле койгула.коп эле районго мындай маараке буйруй бербейт.Жер кочку .сел каптоолор бул жерде тут причем?Каракулжадан бир жараныбыз уй салып берем бир уй булоого деп жатат го.Кичине ичинерди кенен койгула!
+1
Kroxa
2017-05-23 01:14:43
Майрам болсо майрамда да, кел кыргызым тайранда.. олкобуздо кырсык коп го??? Окмот ага тан калба.. жетим кесет оз киндигин, Кыргыз болуп жаралса....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан